Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » 4-декабрда Бишкекте өтө турган “унаасыз күн” акциясына айдоочулар макулбу?
4-декабрда Бишкекте өтө турган “унаасыз күн” акциясына айдоочулар макулбу?
02-декабрь, 21:31


Акыркы күндөрү Бишкекти каптаган кара түтүн, ыш кызуу талкуу жаратууда. Ал эми экологдор кара түтүндүн негизги себеби борбордогу автоунаа экенин жар салды.
Борборду баскан кара түтүн тууралуу ар бир жаран тынчсызданган билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жазышууда. Бишкектин Бактыбек Мейманбеков аттуу тургуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу бейшемби күнү, 4-декабрда, "Унаасыз күн" акциясын уюштурууну сунуштады.
Анын пикиринде бул күнү бардык айдоочулар жөө жүрүшү керек.
Бир катар колдонуучулар анын идеясын колдоп, жарыялаган постун бөлүшүп жатышат.
Бирок, демилге көтөргөн жаранды колдогондор да, аны менен катар таң атпай балдарды мектепке, бакчага жеткирүүдө көйгөй жаралып калаарын да жазгандар болууда.Эскерте кетсек, акыркы күндөрү борбор калааны баскан ыш кызуу талкуу жаратууда.
Aryba.kg