Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ак-Талаа аймагы Мирлан Самыйкожону депутат кылып, кимдин оозун жапты?

Ак-Талаа аймагы Мирлан Самыйкожону депутат кылып, кимдин оозун жапты?

30-декабрь, 11:35
1 708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары ант беришти. Ишке киришкендерине күбөбүз. Эскиси-жаңысы аралашкан бул чакырылыш кандай иштейт, кимдин дарамети канча? Аныгында убакыт көрсөтөт. Бирок алдын ала эле жаңы парламенттин “чолпон жылдыздары” ким болорун болжолдоп билсе болот. Ал депутаттардын бири, албетте, Мирлан Самыйкожо. Абтандил Кулбараков, Дамира Ниязалиева баштаган олигархтарды таза утуп, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондорунун гана эмес, атпай кыргыз журтунун чыгаан депутаты болот (!) деп биз дагы үмүт кылып турабыз. Акталаалыктар Мирлан Самыйкожону депутат кылып шайлап, акча, байлык, бийликтин гана оозун баспастан, партиясына “Бүтүн Кыргызстан” деп ат коюп, бирок айрым региондорго карата “таруусун” ичине каткан Адахан Мадумаровдун оозун жапты. Шайлоо астында Мадумаров отурган жеринен акталаалыктарды мисал келтиргени каңкууланган. “Эмнеге ал жерден депутат чыкпайт? Анткени алар аракка жана акчага сатылат. Мен туулган жер менен Ак-Талааны бир тоо бөлүп турат, тоонун бери жагын адам билсе, аркы коктуну малдын семизи билет” деп айтканы ырасталат го? Кандай болгон күндө дагы акталаалыктар Мадумаровго бул шайлоодо татыктуу жообун беришти. Мирлан Самыйкожо суурулуп чыкты. А сиздин айыл кимди шайлады Адахан мырза?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер