Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Улуттук банк доллар боюнча так прогноз бере албайт”
-- Алишер мырза, жакында эле белгилүү америкалык ишкер Роберт Кийосаки доллар мусорго айлана баштаганын айтып, элге алтын, күмүш сатып алууну кеңеш берди. Финансист катары сиз бул пикирге кошуласызбы?
-- Азырынча конкреттүү бир нерсе айтыш кыйын. Себеби, кандай болгон күндө деле дүйнөдө доллардын өз орду бар. Евробиримдик, Кытай, Япония, Индия, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөрдүн арасында келишимдер доллар менен түзүлгөн. Анын арасында биздин өлкөбүз деле көп келишимдерди доллар менен жүргүзөт. Андыктан, доллар эртең эле жок болуп кетет (!) деп эч ким айта албайт. Аны мезгил көрсөтөт. Албетте, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдардын баасы өсүшү мүмкүн.
-- Ушундай белгисиздик кырдаалда биздин улуттук валютабыз, экономикабыз жабыркап калбашы үчүн алдын ала кандай иштерди жүргүзүү зарыл?
-- Ал боюнча биздин Улуттук банк, тийешелүү адистер иштеп, анализ кылышы шарт. Бирок, жогоруда айткандай, алар деле азырынча так прогноз бере алышпайт го...