Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Сулайманов: “Урматтуу Садыр Нургожоевичке кайрылып, элдин суранычын жеткирдим”

Эльдар Сулайманов: “Урматтуу Садыр Нургожоевичке кайрылып, элдин суранычын жеткирдим”

23-сентябрь, 20:41
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эльдар мырза, Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берүү боюнча кайрылуу жасадыңыз. Бул сунушуңузду эмне менен негиздейсиз?

-- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тажиктер Баткенге гана эмес, Чоң-Алай районуна да кол салышты. Эки-үч айылдын калкын эвакуациялоого туура келди. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Ошондуктан, Чоң-Алай эли районго өзгөчө макам берүүнү көптөн бери суранып келатышат. Ошондон улам мен президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевичке кайрылып, элдин суранычын жеткирдим. Өзү көңүл буруп, Чоң-Алайга өзгөчө макам берүү маселесин чечип берсе, элдин турмушуна жеңилдик болор беле? Үмүт бар.

-- Депутаттар кан берүү борборуна өздөрү бара коюшпай, Акүйгө чакырткандары эл арасында талкуу жаратты. Сиз буга кандай карайсыз? 

-- Ал күнү мен түштүктө болчумун. Эми ар кандай кырдаал болуп калат да. Жетимиш адамды алып баргандан көрө, эки-үч адам келип алганы ыңгайлуу болдубу (?) деп ойлойм. Билбейм... Бул боюнча комментарий деле бере албайм.

-- Чакыргандары мейли, бирок пиар кылбай коюшса болот беле?

-- Албетте, жөнөкөй убакыт болсо буга эч ким деле көңүл бурбайт эле. Бирок, мындай убакта эл кичине туура эмес көрүп калды. Менин оюмча, бул жерде депутаттардын деле күнөөсү жок. Иш-чараны чагылдыруудан кетип калды окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер