Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош шаарында үч жашар баланын оозуна сосиска тыгылып каза болду

Ош шаарында үч жашар баланын оозуна сосиска тыгылып каза болду

03-сентябрь, 17:25
613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарында үч жашар баланын оозуна сосиска тыгылып каза болду. Бул тууралуу маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан жана ооруканадан тастыкталды.
Ош облустар аралык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кутпидин Беккозуевдин айтымында, бала медициналык мекемеге алынып келингенде, анын абалы өтө оор катары бааланган. «Ал бизге 1-сентябрь күнү кечинде жеткирилген. 3 жаштагы бала. Ал сосиска жеп, тамагына тыгылып, андан кийин какалган. Биз керектүү баардык жардамдарды көрсөттүк, бирок аны кечигип алып келишти. Бала 2-сентябрда кычкылтектин жетишсиздигинен (асфиксия) көз жумган», – дейт дарыгер.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартканын билдирди.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер