Дүйшөн Камчыбеков: “Жыргалаң көмүрү сапаттуу, 19 миллион кору бар”


Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков агай көмүр боюнча кышка даярдык, талкуу жараткан Жыргалаң кени тууралуу ой бөлүштү.
-- Күз жакындап, кыш камын ойлой турган мезгил келатат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу кышка даярдык иштери кандай жүрүүдө? Көмүр тартыштыгынын азабын тартпайбызбы?
-- Бүгүнкү күндө "Кыргызкөмүр" ишканасы алты айдын жыйынтыгы менен 2 млн. тоннадан ашык көмүр казды. Бишкек ЖЭБге байланыштуу дагы канча көмүр керек экендиги аныкталган. Бишкек ЖЭБге Кыргызстандан чыккан көмүрлөрдөн 600 миң тонна Кара-Кечеден бериле турган болсо, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн берилиши керек деп аныкталган. Бүгүнкү күндө бизде Кара-Кече, Кабакта жайгашкан көмүрдөн тышкары түштүктө Таш-Көмүрдө, Көк-Жаңгактагы кендер иштетилип келсе, эми Сүлүктүдө жайгашкан көмүр кендеринен, о.э. "11-поля" деген да бар, "Кыргызкөмүр" ишканасынан лицензия берилген. Мурда союз учурунда жакшы иштетилип келген Кызыл-Кыяда Беш-Бурхан деген жер бар. Ошол кенге дагы "Кыргызкөмүр" ишканасы тарабынан лицензия берилген. Бүгүнкү күндөгү маалымат боюнча Беш-Бурхан кенине жана Миң-Кушта жайгашкан Ак-Улак көмүр кесимине инвесторлорду тартуу, алар менен сүйлөшүү процесси жүрүп жатат. Ак-Улактан чыккан көмүр кенине дагы мүмкүн фабрика сыяктуу ар кандай зыяндуулуктан тазалай турган иш-чараларды дагы жүргүзсөкпү деген ой-пикирлердин үстүндө иштеп жатышат. Биз мурун да айтып келгенбиз, 3,5 млн. тоннадай көмүр казып өндүрө турган болсок, анда биз Кыргызстанды өзүбүз көмүргө болгон муктаждыгын жапсак болот. Анын ичинен 1 млн. тоннадан ашыгы Бишкек ЖЭБге керек болсо, элди, коомдук мекемелерди да камсыз кылабыз. Өткөн жылы 3 млн. тоннадан ашыгыраак көмүр казып алган болсок, быйыл дагы 3 млн. тоннадан ашыгыраак көмүрдү өзүбүз казып өндүрүү пландары бар. Ошол эле мезгилде Өзбекстан дагы бизге өз сунуштары менен кайрылган. Бул көмүрдү экспорттоо маселеси. Кытай менен дагы ушундай сүйлөшүүлөр бар. Кыргызстандан өндүрүлгөн көмүрдү ал жактарга дагы экспорттоо иштери каралган.
Бүгүнкү күндө негизи көмүр өндүрүүдөн кичине алыстап, экология көйгөйлөрүнө көңүл буруп, айрым мектептерди кышында газга өткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул негизинен туура маселе. Бирок биз өз башыбыздан өткөндү тарых катарында эстеп жүрүшүбүз абзел. Себеби 1990-жылдарынын аяк ченинде "гидроэнергетикабыз абдан зор электр энериясын өндүрүп жатат, кенен жетет" деп көмүр менен иштетилген котельныйлардын баарын электр энергиясына өткөрүшүбүз керек деген саясат менен жок кылганбыз. Бирок бул туура эмес болуп калган. Ошонун кесепетинен биз көмүр өндүрүү ишканаларын дагы иштөөдөн чыгарып, көмүр өндүрүлбөй калган. Ошондон улам оор маселелер жаралбай койгон жок.
Бүгүн биз “Газпром” ишканасы менен түздөн-түз кызматташып, Россиядан газ алып жатабыз. Келечекте жогоруда белгилегендей оор шарттар түзүлүп калбаш керек. Эгер түзүлүп кала турган болсо, көмүр пайдаланчу котёлдордун баарын жок кылып алсак, биз кайра дагы кыйынчылыктарга дуушар болуп калбашыбыз керек. Бир эле мезгилде жеке секторлор дагы пайдалангыдай кылып, мисалы, үйдө электр энергиясы, газ, көмүр менен да жылынчу котелу бар шарт түзүшүбүз зарыл.
Жай мезгили аяктап, күзгө жакындап калдык. Кышка чейин "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында чечиле турган маселелер, көйгөйлөр болсо, жардам берип, өздөрүнө тийешелүү лицензия алган ишканалар туура даярдыктарды көрүп, убагында чечип алсак, кыштан жеңилирээк чыгабыз. Андыктан бүгүнтөн баштап аракетибизди көрөлү.
-- Жыргалаң кени иштетилгени же иштетилбегени тууралуу эки ача пикирлер айтылып, чынында эл адистин маалыматына муктаж. Бул тууралуу да сиздин оюңузду уксак?
-- Азыркы учурда Жыргалаң көмүр кени боюнча көп маселелер айтылып жатат. Жыргалаң союз мезгилинде эле ачылган. Ал жердин көмүрү сапаттуу. Бул көмүрдөн брикет дагы чыгарса болот. Бүгүнкү күнү “Жыргалаң кени боюнча туура эмес маалыматтар берилип жатат” деп айтылууда. Мен адис катары төмөнкүлөрдү белгилеп айткым келет. Жыргалаң союз убагында изилденип, анын кору 19 млн. тонна деп эсептелинген. Ал жерде союз учурунда бир эле Жыргалаң шахтасы иштеп келген болсо, кийинки мезгилде Жыргалаң шахтасынан тышкары дагы жеке менчик Дөргү көмүр ишканасы дагы иштеп, бирок ал 2019-жылдары төлөй турган салыктарынан учурунда кутула албай, лицензиясы жокко чыгарылган жана 2022-жылы өкмөттүн буйругу менен “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына өткөн. Ошого мамлекеттик ишкана катарында лицензия берилген экен. Ал Кыргыз-Орус фондунан 1,7 млн. доллар алып, ошол акчанын жардамы менен Россиядан көмүр иштетүүгө керектүү шаймандарды алган. Ал кен жердин алдынан иштетилет. Бүгүнкү күндө көмүр өңдүрүлүп жатат. Буга чейинки компаниялардын суроо-талаптары болсо, жаңы иштетип жаткан компаниялар менен бирдиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, талаш-тартыш маселелер болсо чечип алуу шарт.
Жыргалаң кени бир эле көмүр кени болуп эсептелет. Жыргалаңдын да иштетилгени жакшы маселе. Ал жакта жайгашкан элди, коммуналдык мекемелерди, Каракол ТЭЦин камсыз кылып турса болот.
Жыргалаң кени боюнча жеке ишкер Марат Турсунбеков тууралуу катуу талкуу жүрүп, сын пикирлер айтылууда. Өткөн жылдын жаз айларында өкмөттүн чечими менен лицензия “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берилген. Алар инвестор катары Марат Турсунбековду тартып, биргелешкен ишкана түзүп, иш алып барып жатышканын баса белгилеп айтсак болот.
Акырында айтарым, августтун акыркы жумасында белгиленчү шахтёрлор күнү менен тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы тарабынан куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон иштерине ийгиликтерди жана кажыбас кайратты каалап кетмекчимин!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











