Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Мураталиев жомок айтып жүрө берсин, ордуна башкасы жокпу?

Мелис Мураталиев жомок айтып жүрө берсин, ордуна башкасы жокпу?

23-ноябрь, 17:46
2 328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагалыгына барган Мелис Мураталиев жомок айтып, жок жосун менен бараткандай. Кала берсе, каада-салттан, уламыштардан кеп салып, өз милдетин унутуп койдубу? Кыргыз тилин өнүктүрүүнү, жайылтууну колго албай, кедеринен кетти го? Тескеп койчу билармандар кайда? Эсибизде. Бул кызматты профессор Каныбек Осмоналиев аркалап турганда көргөнбүз: мыйзам кабыл алдырып, аткаруу бийлиги менен кызыл-чеке болуп, иш-кагаздарын кыргызча жаздырууга алпурушуп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эне тилден экзамен бердирүүнү демилгелеп, айтор, арбын маселелерди күн тартибине койдуруп, кирген суудай буркан-шаркан иштеп аткан. Азыр алардын бирин көрбөй калдык. Бул эмне? “Көзүм көрбөсө мейли, көчүгүмдү бөрү жесин” дегендикпи? Кайдыгерликтен качан көтөрүлөбүз? А натыйжада, сергек муун, патриот интеллигенция күйүп-жанууда. Кыргыз тилине карасанатайлык мамиле жасалып жатканы үчүн! Таңгаласың. Мелис Мураталиев кааласа жомогун өз алдынча айтып жүрө берсин, мамлекеттик тил комиссиясына чыныгы кесипкөй, ишти алдыга жылдыра турган кадрды алып келүү зарыл. А болбосо куу чөп менен оозду аарчыгандан не пайда? Ойлонолу да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер