Искендер Шаршеев, экономист: “Сомдун кунуна дүрбөлөң түшүүгө негиз жок”
-- Сомдун долларга болгон туруксуздугу дайыма байкалып келет. Тынчсыздангандар да көп. Жакын арада кескин өзгөрүүлөр күтүлбөйбү?
-- Акча бирдигине көз салсак, баардык мезгилде сомдун долларга карата курсу төмөн болуп келет. Сом киргизилгенде бир доллар канча турганын эстесек, Улуттук банктын маалыматы боюнча 1993-жылы 1 доллар 3,8 сомго барабар болгон. 1999-жылдын декабрында 1 доллар 45,4 сом. Кийинки 14 жылда доллардын курсу 35-46 сомго чейин өзгөрүп турду. 2014-жылы доллар 56 сомго жетип, бир жылдан кийин эле 75,9 сомго өскөн. Азыр АКШ доллары 86-89 сом турат. Башкача айтканда, акыркы 10 жылды ала турган болсок, кыргыз валютасынын куну болжол менен 50%га өзгөрдү жана бул процесс улана берет.
Жарандардын дүрбөлөңгө түшүүгө деле негиз жок. Улуттук банк кырдаалга мониторинг жүргүзүп турат. Сомдун өтө алсыз же күчтүү болушунан сактайт. Улуттук валюта валюталык интервенциялар жана жогорку соода балансы менен бекемделүүдө.
"Азия Ньюс" гезити