“Соке сый үстүндө жүрүүгө татыктуу эмес”


-- Эл тарабынан куулган Сооронбай Жээнбеков экс-президент катары сый үстүндө жүрүүгө татыктуубу?

Канат Сагынбаев, коомдук ишмер:
-- Менин жеке пикирим боюнча, Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамын алып жүрүүгө татыктуу эмес. Себеби, эл тарабынан куулуп, Октябрь окуларында аянтта Үмүтбек деген жаш бала каза тапкан. Ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн башчылары жоопко тартылмак түгүл, издөөгө алынган жок. Тескерисинче, Сооронбай Жээнбековдун ошол убактагы ИИМдеги кадрлары бир топ саясатчылар жана активисттерге карата кылмыш ишин козгоп, соттук териштирүү жүргөн, алардын катарында мен дагы бар болчумун. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин баарыбыз акталдык. Сооронбай Жээнбеков жалгыз Үмүтбектин кыйылган өмүрү үчүн гана эмес, Кой-Таш окуясы, пандемияда кетирилген мүчүлүштүктөрдүн кесепетинен миңдеген жарандардын өлүмүнө жоопкер! Андыктан, анын минтип тойлордо жүрүшүн мен туура эмес эле көрөм. Бирок, ошол той ээлеринин жеке укугу жөнүндө кеп да, кимди жакшылыгына чакырат, кимди чакырбайт дегендей. Бирок, моралдык жактан алганда, Сооронбай Жээнбековдун өзүнө суроо салыш керек, эл арасында тойлоп жүрүш өзүнө канчалык абийир алып келет? Бирок, бул кишиде намыс жоктой. Анткени, президентибиз маанилүү мамлекеттик иш-чараларда "мен келгенде өлкө казынасы итке минип калган эле" десе деле, маңдайында угуп отура берет.

Назгүл Мамытова, журналист:
-- Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алыш керек. Ал мөөнөтүнүн аягына жетпей эл тарабынан куулуп кеткен да. Экс-президент катары иш-чараларда катышып жүрүүдөн өзү деле уялыш керек. Өзүн президент кылган досун каматып, өмүр бою саткын аталып калганы эле ага эң чоң жаза эмеспи. Мейли мамлекеттик иш-чара, же коомчулуктагы иш-чара болсун, андай жерлерге эзели барбашы керек. Сый үстүндө жүрүүгө татыктуу эмес. Бетине чиркөө тагылган адам абийир алдында укугу чектелүү, буттары тушалуу. Үйүнүн короосундагы мал-жандыктары менен алпурушуп, өмүр бою көчөгө, эл алдына чыкпасын...

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:
-- Сооронбай Жээнбековдун эң жакын тууганы менен эки күн мурун жолугуп калдым. Анан “Сооронбай акебиз президент болуп турганда биздин сөзүбүздү угуп, көйгөйлөрүбүздү чечмек тургай кабыл алчу да эмес. Азыр бизди шерменде кылып бүтмөй болду. Ал кишини көрөйүн деген бир да тууганыбыз жок. Той-ашка чакырылбаса деле келип алып, тойдун ээсин уятка калтырып атат. Микрофонго чакырбаса да чыгып алып, ойду-тоону сүйлөп баштайт. Келген эл кыжырданып сөздүн ортосунан уу-дуу жаратып, акыры микрофонду колунан алганга чейин барышат. Бизди шерменде кылып бүттү...” деп ыйламсырады. Жаны аябай ачыган окшойт. Сокени экс-президент деген макамын алып салыш керек. Татыктуу эмес. Эми караңыз, Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш туңгуюкка такалып отурат. Анткени, негизги күнөөлүү адамдар Соке жана анын коркок генералдары да! Алар сотко күбө катары келмейинче, сурак бермейинче, Кой-Таш окуясы туңгуюктан чыкпайт жана канча жыл болсо да созулуп кете берет. Бирок, эртели-кеч аягына чыгат. Шариман Шарипович түрмөгө отурат!..











