Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Профессор, уролог Жаныбек Мамбетов коронавирус инфекциясынан каза болгону белгилүү болду

Профессор, уролог Жаныбек Мамбетов коронавирус инфекциясынан каза болгону белгилүү болду

22-июль, 12:15
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

20-июлда медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов 59 жашында коронавирус инфекциясынан каза болгонун улуттук госпиталдан билдиришти. Мекемеден ал үч баланын атасы болгонун кошумчалашты.

Мамбетов Жаныбек Султанбаевич 1961-жылы 26-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тоң айылында туулган. 1978-жылы мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1984-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы №1 шаардык клиникалык ооруканасында уролог болуп иштеп баштаган.

1991-1995-жылдары Тоң райондук ооруканасынын башкы дарыгери;

1996-2002-жылдары уролог, андан кийин №1 шаардык клиникалык оорукананын урология бөлүмүнүн башчысы;

2002-жылдан баштап саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук госпиталдын №2 урология бөлүмүнүн башчысы;

2006-жылдан бери урология кафедрасынын профессору;

2017-2019-жылдары Ош шаардык ооруканасынын урология бөлүмүнүн башчысы;

2019-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Бишкектеги "Мемориал" клиникасында уролог болуп иштеген.

Ал дүйнөлүк, түрк жана кыргыз урологдор ассоциациясынын мүчөсү болгон. Саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ал бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги наамын алган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер