Сегизбаев менен Сүйүмбаевди сайрандаткан “Мантай” да көптү билет

Байлардын чөйрөсүндө “Мантай” аттуу мурдагы бажычы бар. Бул эргул кайсы бийлик келбесин, эң негизги таасирдүү адамдарды колго алып, алдыга дастаркон жайып, манталаңдап кызмат кылып, “килемдей төшөлүп” келген. Атамбаевдин доорунда Абдил Сегизбаевди, Болот Сүйүмбаевди Токтогул–Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ордо” имаратынын 8-кабатындагы ресторанында кабыл алчу. Тамакты түрлөп жасатып, сулуу кыздарды “чарк” айланта бийлетип, көңүл ачтыруу үчүн миң түркүн оюн-зоок, тамашаларды кылып жүргөнүн кантип танат? Кимдерди камакка алуу, жашыруун операцияларды түзүү, миллиондорду айландыруу пландары бүт ошол жактан жүргөнүн жер тыңшаар мамыттар билдиришти. Негизи “Мантайда” көп маалымат бар, УКМК калыс маанайында суракка чакырса, суу жүрөк неме “ырдап” гана берет го?..
"Азия Ньюс" гезити