Кемпир-Абад иши боюнча С.Жапаровго, К.Ташиевге, К.Зулушевге, З.Базарбековго адвокаттардан кайрылуу

31-май күнү Кемпир-Абад соттук иши боюнча айыпталуучулардын жактоочулары коомчулукка чыгышып, бир нече маселе боюнча ЖМКга билдирүү жасашты. Алардын айтымында, тергөө тарабынан айыпталуучуларды камакта кармоо мөөнөттөрү бир нече жолу узартылып, ошол эле учурда аларды камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун негиздүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө жүйөлүү өтүнүчтөр келтирилбей жатат. Соттор өз кезегинде айыпталуучуларды камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн ар бир кийинки чечимдериндеги опурталдыктарды тыкыр карап жана аларды талдоо менен айыпталуучулардын эркиндикке болгон укуктарынын бузулуп жаткандыгына кийлигишүүнү негиз катары карабай жатышканын билдиришти.
Канат Хасанов, жактоочу:
-- Бизде эч бир айла калбай калды. Бир гана ЖМК өкүлдөрү, сиздер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку сот Замирбек Базарбековго биздин маселени жеткизсеңиздер. “Кемпир-Абад соттук иши боюнча айыпталып аткандарга карата эч кандай кылмыш курамы жок” деп айта алам. Бул нерсени биз, жактоочулар жогору жактагыларга жеткире албай атабыз. ИИМдин тергөө кызматы “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деп жана массалык башаламандыкты уюштурууга айыптап жаткан активисттерди, блогерлерди, укук коргоочуларды, журналисттерди жана саясый ишмерлерди коргоп жаткан жактоочулар кылмыш иши козголгондон тарта бүгүнкү күнгө чейин айыпталуучулардын конституциялык укуктары жана адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги принциптерин бузуп жатканын белгилешет. Ушундай кырдаалга байланыштуу жактоочулар мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй өтүнүчтөр менен кайрылышат:
1. ИИМдин тергөө кызматы кылмыш ишинин баардык материалдарын алардан көчүрмөлөрдү жасоо укугун чектебестен, толук көлөмдө таанышуу үчүн берсин.
2. ИИМдин тергөө кызматы кылмыш ишинин “жашыруун” категориясына кирбеген материалдарын бөлүү жана чектөө боюнча соттун чечимдерин аткарсын.
3. Башкы прокуратура айыптоо актысын бекитүүдө соттун чечимдеринин аткарылышын, бүтүндөй ишти жашыруунун негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун көзөмөлдөсүн.
4. Иш үчүн маанилүү болгон процесстик жана башка документтерди расмий тилге которуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган айыпталуучуларды ИИМдин тергөө кызматы котормочу менен камсыз кылып берсин. Котормо кылмыш-процессуалдык мыйзамдын чечимдеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылсын.
5. Коомчулукта жана соттордо терс, калыс эмес пикирди калыптандырууга жол бербөө үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка адамдар соттун чечими чыкканга чейин кылмыш жоопкерчилиги каралып жаткан адамдарга карата эртелеп айып тагуудан алыс болууга тийиш.
6. Жогорку Кеңеш ушул кылмыш иши боюнча мамлекеттик жана ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамдарды аткаруусун талаптагыдай көзөмөлдөсүн.
7. Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар эл аралык келишимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүп жана баа берсин.
8. Сот органдары кылмыш иштерин кароодо камакта жаткан айыпкерлердин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароосун сурашат.
Жактоочулар:
- Канат Хасанов
- Кантемир Турдалиев
- Рабига Садыкова
- Акынбек Ногоев
- Асел Аргымбаева
- Алия Сагитова