Депутат Нилуфар Алимжанованын көздөрүнөн мекенди сүйүүнү көрдүм...


(Нилуфар Алимжановага!)
Азыр депутаттардын баркы жок болуп калбадыбы. Өзгөчө аял эл өкүлдөрүнүн ишмердиктерин билбейбиз. Эки-үчөөнүн “каңкылдап” сүйлөгөндөрү болбосо. Аларды деле көпчүлүк жактырбайт. Мына ушундай аброй эңшерилип турганда, Нилуфар айым Кемпир-Абаддын кетишине каршы добуш бергенин окуп калдым. Жогорку деңгээлде баа бердим. Чек ара маселеси чечилип атканда стратегиялык жерибизди коргоп, патриоттук сезимин билдириптир. Азамат! Чыны менен жылуулугун туя билдим. Көп эркек коллегаларына караганда жалындаган жүрөгү бар тура. Айрымдар популизм үчүн Кемпир-Абадды саясатка айландырып жиберишти. Ал жагын да түшүнөм. Бирок Нилуфар Алимжанова кылган иши, позициясы менен коомчулукка көрүндү. Сизге алкыш! Мекенди сүйүү мына ушундай кадамдардан башталат. Көздөрүңүз сонун. Жаш экенсиз. Бойдок болсоңуз жакында таанышам... Балким, мен издеп жүргөн ажарлуу жан сиз болосузбу?
Байтик, 35 жашта
"Азия Ньюс" гезити











