Акыркы кабарлар
» Коом » Элвира Сурабалдиева: “Күзүндө эл өкүлү катары ишимди уланта берем”
Элвира Сурабалдиева: “Күзүндө эл өкүлү катары ишимди уланта берем”
07-август, 12:27
1 126 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ЖК депутаты шайлоого барары тууралуу пкирин калтырды.
“Эки жумадай калды, сураныч, чыдап туруңуздарчы. Кайсы партияга, ким менен, эмне себептен барганымды жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып-албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар.
“Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү” деп Фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар, өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин” деген.