Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Мамыркулова, журналист: “Чалчыкта оонап, жер карап жашаганча, чагылгандай өткөнгө не жетсин!..”

Канышай Мамыркулова, журналист: “Чалчыкта оонап, жер карап жашаганча, чагылгандай өткөнгө не жетсин!..”

06-октябрь, 13:42
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канышай айым, Фейсбуктан бийликти ачуу сындап, кемчиликтерин көзгө сая көрсөтүп келесиз. Мындай аракеттериңиздин мааниси, маңызы эмнеде? 

-- Мамлекетте жашап туруп, жаран катары анын тагдырына кайдыгер болгондорду түшүнбөйм. Бул – менин, сенин, баарыбыздын жашообуз. Туура түшүнсөк, социалдык тармак чоң аянт. Аны өзүңдүн каалооңо жараша пайдаланууга болот. Тамак-ашыңды, тойго кийген көйнөгүңдүн сүрөтүн деле чыгара берсең жарашат. Бирок, коомчулук, саясатчылар, ЖМКлар, жарандар, айтор, баардыгы ушул жерде отургандан кийин, аны пайдалуу жакка жумшаганыбыз оң. Бийлик ар дайым элдин жашоосун жакшыртууга убада берип, ошонун аркасы менен утушка ээ. Андай болгон соң дээрлик ийгилиги менен катар кемчилигин да айтып турууга тийишпиз. Алар кабыл алат же албайт дегенде болбойт. Бийликтин ээси эл. Демек, бул мен, сен жана башкалар. “Бийликти сындоо” – өнөр же эриккендеги эрмек эмес, бул муктаждык. Муну так түшүнүү керек. Ток этери, бийлик жыйынтык чыгаруусу шарт

-- Сиздин жазгандарыңыз канчалык деңгээлде бийликке таасир этет? 

-- “Таасир этип жатабы же жокпу?” деп талдоого алууну максат кылбайм. Бирок, “жең ичинен сүйлөшүүгө аракет кылуу” же болбосо фейктердин аркасы менен каралоо болгондо, бийликтин чыдамы кете баштаганын жакшы билем. Эң негизгиси, ар бир жазган пикир укуктук жоопкерчиликти моюнга алуу менен жазыла турганын так айта алам. 

-- Күрөшө берип чарчаган жоксузбу? Энергияны кайдан аласыз? 

-- Жок, мамлекеттин тагдырына кайдыгер болуу туура эмес. Энергия деле алынча. Бир нерсени так айта алам, ден соолугум начар болгону менен эрким күчтүү. Моралдык жактан сындыруу, коркутуу деген сыяктуу келесоо аракеттерге жөнсалды карайм. Мен үчүн жүз маанилүү. Аз, же көп жашайсыңбы, абийир менен өмүр сүргөн артык. 

-- Коомдогу көрүнүштөргө кайдыгер карап, тынч жатып алсаңыз ооруп калбайсызбы? 

-- Сындабай койсом деле жашоо өтөт. Чындап келгенде, жазганым үчүн бирөө акча төлөбөйт. Тескерисинче, убактым кетет. Жазбай койгон учурда башка иштер менен алекмин, бирөө мажбурлабайт... Бул менин жарандык гана позициям. 

-- Көп учурда Акылбек Жапаровго “кыргыйдай тийип”, басынтып, юморго салып да катуу сөздөрдү ыргытып коёсуз. Ал эмне себептен жакпай калды эле? Же болушунча “бышырайын” дейсизби? 

-- Акылбек Жапаров – доору акырына чыгып бара жаткан саясатчы. Бул адамдын “эч жерде колум коюлган эмес, апакаймын” дегенине карабай, тарыхтын, элдин алдында, керек болсо, өзү сатып кеткен Акаев, Бакиев өңдүүлөргө салыштырганда да жүзү таза эмес. Атүгүл Садыр Жапаров “коррупционер экени ачыкталса камалат” деген. Анын оозун мен тырмаган жокмун. Араңарда отурган бир топ саясатчылар керек болсо кезиккен жерде “туптуура айтасыз” деп колумду кысышат. Болгону, алар чогуу иштешкен, аралашып жүргөндөр, ичтеринде нааразычылыктары кайнап турса дагы айта алышпайт. Мен тайманбайм, анткени, туура айтып жатканымды билем. Баардык жерде анын конституциялык укугуна доо кетирип, кемсинтип жазганым үчүн жооп берүүгө даяр экенимди айтып эле келе жатам. Ал өзү сотко арыз менен кайрылбаса, мен сүйрөп барамбы? Ток этери, айрыкча командасындагы төрт министр кызматтан кеткен окуядан кийин анын иштегенге моралдык укугу да калган жок. Калган кемчиликтерин санап отурсак таң атат.

-- Сиз чиновниктерди көп сындайсыз. Ошол эле кезде аткаруу кызматындагы баалаган жетекчилериңиз, же саясатчылар барбы? Мисалы, кимдер?.. 

-- Аткаруу бийлигинде иштегендерди мактасаң балээге каласың. “Пиар деген шумдуктан эл тажап турат. Жеке алганда, саясатчылардан Аалы Карашевдин сабаттуулугуна баа берем. Аз иштесе дагы Алтынбек Сулаймановдун жергиликтүү бийликтин табиятын түшүнүп, өзү үчүн жеке чечим кабыл алганын бааладым. Дагы алсак, жергиликтүү бийликтин табиятын билген жагынан Бакыт Рыспаев кесипкөй. Чындап келгенде такшалган адистер жок эмес. Маселе, алардын дараметтерин туура пайдаланбай жаткандыгыбызда, эң эле кейиштүүсү, эскирген жана чириген система. Ошондой эле кошоматчылыкка байланып калган кокуй кулк-мүнөзүбүздө. Кызматты жан багуунун булагы катары эсептеп калганыбызда… 

-- Курч калемгердин душмандары арбын болот эмеспи. Сиз каралоону, кысымды, коркутууларды кандай кабыл аласыз? 

-- Эсеби жок. Мурун анча-мынча капа болчумун. Ошолордун катарын айрым кесиптештерим толуктагандан бери жыйыштырып салгам. Жашоо бир келет, түз жүрүп, туура сүйлөп, татыктуу өлгөн жакшы. Каралайбы, коркутабы – айырмасы жок. Чалчыкта оонап, жер карап жашаганча, чагылгандай өткөнгө не жетсин?!..


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер