Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар

Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар

03-апрель, 14:21
1 081 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер бир ай ичинде 7,2 пайызга кымбаттап, учурда орточо баасы 64,36 сомго жетти. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ал эми өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу канттын баасы 19 пайызга жогорулады.

Учурда кумшекерди баарынан кымбат Исфана (бир килограмм үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (67,84 сом), Ноокат (67,39 сом), Кара-Суу (67,33 сом) жана Баткен (67,21 сом) шаарларынын тургундары сатып алып жатат. Ал эми минималдуу баалар Токмок (бир килограмм үчүн 60,67 сом), Талас (60,89 сом) жана Нарын (61,94 сом) шаарларында катталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн кумшекер менен 56 пайызга камсыздай алат. Буга чейин айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер