“Өлкөдө майда-чүйдө нерселер жасалып, ири долбоорлорго каражат жок”

-- Соңку убакта экономиканы көтөрүү боюнча ой-пикирлерди деле укпай калдык го? Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүнө кандай божомол кыласыз?
Чолпон Осмонова, коомдук ишмер:
-- Кыргызстаныбыздын экономикасы Кудай буюрса абдан сонун өсүп баштады го, мен дагы эле таңгалып, суроо берип келем, “мурунку президенттерибиз эмнеге азыркыдай оңдошкон эмес?” деп. Азыр өлкөбүздүн кайсы жерине барсаң да айтышууда. “Эми оңолдук, эки дос иштеп атат. Жакшы иштер уланууда” деген эле сөздөрдү угам.
Эрнест Карыбеков, эксперт:
-- Эми өлкөдө майда-чүйдө нерселер жасалып атат. Болгон акчага жол, стадион, ипотекалык турак жай жана башка долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Булар күнүмдүк иштер. Чоң, ири долбоорлорго каражат жок. Башка мамлекеттер “жардам беребиз” деген сөз менен калууда. “Баарыбыз бир болуп, тышкы каражатты чогуу табалы” деп беш Орто Азия мамлекеттери Евробиримдик менен сүйлөшүү жүргүздү. Жакында Кытай менен Астанада жолугушат, бирок натыйжа аз. Баары кагаз түрүндө калууда. Чоң өлкөлөр жаңы чоң геосаясатка кетип атса, биз арканды алыс таштап, пландаштырып, өзүбүздүн экономикалык модел менен алек болуп, күчтөнүш керек. Мурдагы каржы-экономикалык система иштебейт. “Сырты жалтырак, ичи калтырак өлкөгө айланбайбыз” десек, салттуу энерго системаны курушубуз керек. Өндүрүшкө кубаттуулук жок. Өкмөттүн жашыл долбоорлору дефицитти жаппайт. Экспорт эмес, өзүбүзгө жетпейт, тескерисинче, дефицит өсө берет. Ошон үчүн пландаштырып, туура максат коюп иштешебиз керек. Антпесек, кыйынчылыктар күтөт. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык болсун.
Тазабек Икрамов, экс-депутат:
-- Учурдагы экономика буга чейин 30 жыл аралыгындагы түзүлгөн гана инерция менен келе жатат. Өлкө экономикасын ишкерлер гана кармап келди, мындан ары да ушундай болот. Маселен, мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтып келген реформаларды кийинки министрлер кабинети жокко чыгарууда. Ал боюнча эл жакшы билет. Учурунда экономикалык көрсөткүчтөр инфляциянын гана эсебинен көтөрүлүп, реалдуу өсүүгө жылыш жоктугун парламентте бир канча жолу айткам. Ишкерлик менен мамлекеттик институттар каражат табууда атаандаштыкка өтүп кетишинин аягы эки тармактын бирөөсүнүн урашына алып келет. Биз азыр ошол жолдобуз. Мамлекет өз фундаменталдык функциясын аткарып, ишкерлик өз ишин кылышы керек эле. Тилекке каршы, бизде эки институттун ортосунда атаандаштык пайда болду. Мындай шартта мамлекет тарабынан экономикалык программалар кабыл алынышы кыйын. Ал эми келечек боюнча айтсак, реэкспорт азайса, бизде ачык эле финансылык проблемалар болот. Ички чыгашалар, инфраструктуралык мекемелерге салынчу каражат бюджеттеги каралган суммадан алда канча көп. Демек, быйыл бир топ кыйын жыл болот. Аны мен эмес, АБР да расмий айтты.
Чынара Мамажакыпова, блогер:
-- Мен “экономика жогорулабай эле” деген пикирлерге кошула албайм. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2025-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча жогорку өсүштү көрсөттү. Жыйынтык боюнча Кыргызстандын ИДПсы 329,1 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 13,1%га өскөнү көрүнүп турат.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2025-жылдын башынан тартып өкмөт экономикалык өсүштү топтолгон жыйынтык менен эсептөө ыкмасын киргизди. Бул ыкма экономикалык өсүштүн трендин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, сезондук өзгөрүүлөрдү, анын ичинде терс көрсөткүчтөрдү жашырууга шарт түздү. Алсак, ИДПнын өсүшүнө төмөнкү тармактар таасир этти: товар өндүрүшү 22,2%, кызмат көрсөтүү тармагы 8,7%, өнүмдөргө болгон салыктар 2,2%.
Өнөр жай өндүрүшү 2025-жылдын биринчи кварталында 16,3%га өстү. Бул өсүштүн негизги себептери. Тазаланган мунай продуктуларынын өндүрүшү 1,9 эсе көбөйдү. Тамак-аш, суусундук жана тамеки өндүрүшү 1,7 эсе өстү. Фармацевтикалык продукция 41,7%га өстү.
Мындан сырткары, резина жана пластик буюмдар, курулуш материалдары 43%га, жыгач жана кагаз буюмдары 29,9%га, химиялык продукция 8,5%га, негизги металлдар 3,2%га көбөйдү.
Курулуш жана инвестициялар боюнча алсак, курулуш тармагындагы өсүш 69%. Бул көрсөткүчкө инвестициялардын көбөйүшү чоң таасирин тийгизди. Башкы капиталга болгон инвестициялар 57 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын I кварталына салыштырмалуу 90,6%га өстү.
Инвестициялардын 93%дан ашыгы пайдалуу казындыларды алуу, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү өнүктүрүү, байланыш жана маалымат, энергия менен камсыз кылуу, билим берүү, турак жай курулушу тармактарына багытталган.
Ал эми айлык маяна жана бааларга токтолсок, 2025-жылдын январь-февраль айларында орто эсеп менен айлык маяна 39 миң 456 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га көп. Айрыкча өлкөдө өсүш байкалган тармактар: курулуш, кыймылсыз мүлк менен иш жүргүзүү, байланыш жана маалымат, мейманкана, ресторан ишмердиги, банк жана камсыздандыруу, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, илимий-техникалык ишмердик.
Албетте, баалардын өсүшү дагы бар, бул дүйнөлүк тенденция, бирок инфляция 1,8%. Бул көрсөткүч айлык маянанын өсүшүнөн төмөн, демек, элдин реалдуу кирешеси өстү деп түшүнүшүбүз керек.
Мен жогоруда айрым гана фактыларга таянып, өлкөдөгү экономикалык өсүү байкалып жатканына токтолуп кеттим. Албетте, бул цифралар президент Садыр Жапаровдун учурунда орун алган экономикалык жылыштар. Алдыда Кыргызстан боюнча ири долбоорлор ишке ашканы турат. Алар старт алса, динамикалуу экономикалык өсүүлөр сөзсүз болот.
"Азия Ньюс" гезити