Акыркы кабарлар
» Саясат » Медербек Саккараев бийликке көлөкө түшүрөбү?
Медербек Саккараев бийликке көлөкө түшүрөбү?
17-декабрь, 22:13


Жогорку Кеңеште Медербек Саккараев аттуу депутат журналисттерден качып бараткан видео тарады. Албетте, мындай көрүнүш коомчулукту күдүк ойго салат. Ансыз да добуш сатып алуу боюнча шектенүүлөр жаралып жатканда, Саккараевдин артын карабай сызганы кандай? Эл өкүлү деген ачык болуп, баардык суроолорго жооп бериши керек да.
Ар бир бийликтин тушунда күмөндүү байлардын мандатка жетиши мыйзам ченемдүүлүккө айланып калганбы? Таза бизнес, саясатта ачык жүз болсо, маселе жок. Бирок Медербек Саккараевдин артындагы чуулгандары барган сайын арбып баратат го? Убакыт мерчемине жараша көп нерсе былгып чыкчудай...











