Каныбек Осмоналиев: “Энергетикалык ичимдиктер менен электрондук сигареттер ден соолукка өтө зыян”
Физика-математика илиминин доктору, профессор менен маек.
-- Агай, Жогорку Кеңеште электрондук тамекиге, энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда. Илимпоз, педагог катары бул сунушка сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Жогорку Кеңештин депутаттары абдан маанилүү, биздин келечегибизге оң таасирин бере турган мыйзам долбоорун сунуштап жатышыптыр. Мен башынан эле электрондук сигареттерге, энергетикалык ичимдиктерге абдан каршы чыгып келген саясатчылардын биримин. Педагог катары да, окумуштуу катары дагы. Анткени, акыркы 20-30 жыл ичиндеги ар кандай жол менен баюунун жолуна түшкөн дүйнөлүк трансулуттук корпорациялардын, айрыкча фармацевтикалык, спирт ичимдиктерин жасоочу корпорациялардын акча жасап аткан эле долбоору деп кабыл алыш керек муну.
Мисалы, электрондук тамекини алалы. Ал жогорку дисперсиялуу аэрозолдорду генарация кылып, мундштук, батарея, атомайзер түрүндө жылытып, резервуарга атайын аралаштырылган суюктук менен толтуралат. Суюктуктун ичиндеги эң негизги компоненти – бул никотин, анан жыттуу кошулмаларды кошуп коюшат. Иши кылып, жагымдуу катары берилгени менен анда адамдын ички органын, айрыкча өпкөнү, жүрөктү, кан тамырларды жабырката турган кадимки эле сигареттин элементтери бар. Муну жаш балдарды кызыктырыш үчүн калп эле “зыянсыз” деп коюшат. Эми ошого салабаттуу эле кишилер дагы берилишип, ит болуп атышпайбы. Депутаттар маселени эң туура көтөрүп атышыптыр. Кийинки учурларда мындай абалды курчутуп атышкандар баягы эле биздин алып-сатар соодагерлер болууда. Электрондук сигарат жөнөкөй чылымга караганда да зыяндуу. Никотинди ченемсиз кошкондугу, эптеп акча кылыш үчүн анын кошулмаларына органикалык заттар да аралашып кеткендиги жөнүндө илимий изилдөөлөр бар. Артериалдык кан басымды абдан чоңойтуп, кычкылтектин жетишпестигин пайда кылат. Мутагендик да касиеттери бар, рак, жүрөк, онкологиялык ооруларды пайда кылганы жөнүндө абдан көп окудум. Айрыкча борбордун нерв системасына катуу таасир бергендиги менен коркунучтуу.
-- Энергетикалык ичимдиктерчи?
-- Алар да акыркы 20-30 жылдагы бир шылуун компаниялар ойлоп тапкан, адамзатка терс таасирин берүүчү ичимдик. Бул ичимдикте эмнеге акцент жасалат? Борбордук нерв системасын стимулдаштырууга, ойготууга, активдештирүүгө, көңүлүн көтөрүп дегендей. Ага сергитүүчү (тонизирующий) бир элементтерди кошушат, көбүнчө кофеинди пайдаланышат. Ингредиенттер кандай деңгээлде колдонулгандыгын жасаган компания өзү гана билет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген компаниялар толуп атат да. Бул абдан күчтүү газдаштырылган ичимдик болуп эсептелет. Курамында көмүр кычкылынын үлүшү абдан чоң. Биз депутат болуп турганда өзүбүзчө изилдөөлөрдү да жүргүзүп көргөнбүз. Энергеткалык ичимдиктердин зыяндуу натыйжасы дүйнө жүзүндө далилденген. Мисалы, катуу баш ооруну пайда кылып, уйкуну, анын режимин бузат. Канда канттын концентрациясын көбөйтүп жиберери да так далилденген. Эң коркунучтуусу – жаштарыбыз кофеинге көз каранды болуп, ансыз тура албай калат. Энергетиктерди арак же башка алкоголь ичимдиктери менен аралаштырып, алкоэнергетикалык коктейлдер деген балекеттер пайда болуптур! Ушунун баары жаш организмди өлтүрөт да. Эгерде дүйнөлүк тенденцияны карай турган болсок, буга Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) абдан каршы. АКШда, Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Германияда, Азиядан Кытайда, КМШ өлкөлөрүнөн Россияда, Азербайжанда тыюу салынган. Ошондуктан, биздин депутаттар эң туура кылып атышат. Өзү алкоголь ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу маселесине абдан катуу көңүл бурушубуз керек. Тилекке каршы, коомдук жайларга тамеки тартууга тыюу салган биздин мыйзамыбыз иштебей жатат. Ошондуктан, мен депутаттарга кайрылат элем, мыйзам кабыл алынгандан кийин анан аткарылышына дагы катуу көзөмөл болуш керек. Ачыгын эле айтайын, бул багытта, зыяндуу заттарга каршы саламаттык сактоо министрлиги иштебей жатат.
"Азия Ньюс" гезити