Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Академиктерди кемсинткен Канат Абдрахматов иштей албай, аргасы куруп калды

Академиктерди кемсинткен Канат Абдрахматов иштей албай, аргасы куруп калды

11-март, 09:00
641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада КР улуттук илимдер академиясында 2023-жылдын илимий иштеринин жыйынтыгы боюнча отчеттук сессия болду. Бул жалпы жыйын УИАнын эң башкы башкаруу органы болуп эсептелип, илимге, уюштуруу иштерине байланыштуу негизги чечимдер ушул жыйында кабыл алынып, келечек пландар белгиленет. Бул жолу андай болгон жок. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов катышкан чогулушта академиянын президенти Канат Абдрахматов отчет бербей эле чогоолдугуна салып, жалгыз өзү иштеп, башкалар текей терип жүргөнсүп, академиктерди омуроологонго өттү. УИАнын ишин тартып кете албай жаткан Абдрахматов “кыз боозуп, энесин коркутат” болуп, мекеменин илимий-уюштуруу иштери аксап, илимий борбор катары өлкөнүн экономикалык, коомдук турмушуна аралаша албай, бечел болуп жатканына “жалгыз эле мен күнөөлүү эмесмин” деп актанганы эмнеси? Өзүнүн демилгесиз, пассивдүү позициясы үчүн академиктерди күнөөлөп, эмгеги сиңген, абройлуу окумуштууларга күнөөнүн баарын оодарып салууга ашыкты. Академиктер коомдук турмушка аралашпай, иштебей, баардыгына кайдыгер болушуп, уктап жатышкандай образды жаратыптыр. Алар жылуу үйүндө кашасын жеп коюп, министрлер кабинетине өндүрүшкө киргизе турган иштелмелер, илимий долбоорлор, жаңы идеялар, конструктивдүү сунуштар менен келишпейт, баардыгы наам, сыйлык, квартира сурап, балдарына кызмат алууга жутунушуп, жадатып бүткөндүгүн Акылбек Үсөнбекович Жапаров кеп кылганын академиянын эң негизги башкаруу органы болгон жыйындын трибунасынан айтты. Бул көчөдө, же базарда болгон сөз эмес, жылдык сессияда жасалган расмий билдирүү. Академиктердин аброюна шек келтирген бул сөздү А.Жапаров качан, кай жерде айтканы тууралуу академиянын жетекчиси так маалымат берген эмес. Көчөнүн деңгээлиндеги бул сөз айтылган-айтылбаганы деле белгисиз. А Канат Ермекович өзүнүн жарытып иштей албай жатканын жашырыш үчүн, академиктерди ормон опузага салып, ушундай эмоционалдык шантаж ыкмасын колдонгонун айтышууда. Эгер ошондой сөз болгон күндө да ал академиянын кызыкчылыгын коргобой, академиктерди жаманатты кылып, өзү сүттөн ак болуп, суудан кургак чыкканын карабайсызбы! Анан да “кол сынса жең ичинде” дегендей, эми ошол чакан, тар чөйрөдө айтыла турган сөздү расмий билдирүү түрүндө жалпы жыйындын сессиясында бүт Кыргызстанга жайып отурганы – өзү суу ичкен кудукка түкүргөнү катары бааланууда. Албетте, М.Мамакеев, М.Мамытов, А.Бөрүбаев, А.Эркебаев, Т.Садыков, Т.Койчев, Ш.Жоробекова, А.Акматалиев сыяктуу өлкөгө эмгеги сиңген, кадыры өткөн инсандар катарында турган академиктер “армиясына” президент Канат Абдрахматовдун минтип асылганы анын интеллигенттик сапаттардан куржалак экени, этиканы сактабаган чалпоолугун далилдеп турат. “Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген ушул эмеспи.

 Улуттук илимдер академиясынын баркы кетип, илимге көңүл бурулбай, техникалык, табигый изилдөөлөрдү жүргүзө турган аспап, жабдыктардын баардыгы эскирип, сууга чөгүп бараткан кемедей абалга келгенине анын капитаны Канат Ермекович күнөөлүү да, туурабы? Мекемедеги башаламандык үчүн анын башчысы жооп бербегенде ким жооп берет? Канат Ермекович анда академиянын президентинин ыйгарым укуктарын эмнеге алып жүрөт да, президенттин кабинетинде кандайча отурат? Өзүнө өзү суроо берип көрбөйбү? “Иштей албаса, академиянын илимий-уюштуруучулук маселелерин чечүүгө алы келбесе, жылуу кабинетте магдырабай жумушун жаштарга өткөрүп бербейби, илим храмын жаманатты сөзгө калтырбай!” деген пикирлер илимпоздор тарабынан айтылууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер