Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Саясый чыңалуу күн сайын өзүнүн апогейин көздөй жылып баратат...”

“Саясый чыңалуу күн сайын өзүнүн апогейин көздөй жылып баратат...”

12-июнь, 19:30
2 137 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бийликчил ЖМКлар менен соцтармактагы "фейк-фабрикалардын" пиарына көңүл бурсак, ар тараптуу өнүгүп-өсүп бараткан экенбиз. Ал эми реалдуу көрүнүш кандай? Карапайым калктын жашоосунда өзгөрүүлөр барбы?..” деген суроо узаттык.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- 30 жылдан бери жыргап кеткен жокпуз. Ошол эле аралыкта ар бир бийликтин жалпыга маалымдоо каражатында иштеген журналисттер жана анын жетекчилери бийликти Апенди кызын мактагандай макташып, “өкмөт муну кыйратты, президентибиз муну барып ачты” деп байма-бай коомчулукка жар салып келишкен. Жыйынтыгында ошолордун дайын-даректери кумга сиңген суудай жок болуп кетип атпадыбы. Бийликчил ЖМКлардын пиарларына ишенебиз деп эмне болдук? Канча президент алмашты? Ашматтын ордуна Ташмат келди. 30 жыл ичинде акыбалыбыз оорлогондон оорлоп баратат. Суу, газ, электр, коммуналдык төлөмдөрдүн баары 5-10 эсеге көтөрүлдү. Бирок 30 жыл ичинде ширеңке чыгара турган завод кура албадык. Мына, учурда соцтармактан бийликтин жазмакерлери, “фейк-фабрикалардын” пиарларына ишенсең, “кой үстүнө торгой жумурткалап” атат. Ал эми реалдуу көрүнүш теңирден тескери болуп атпайбы, же андай эмеспи? Карапайым калктын жашоосунда бир гана өзгөрүү болуп атат, ал – жакырчылыктын “эшегине” минип алып кыдыңдап кетип атабыз. Өңгөсүн айтпасак да мага окшогон пенсионерлерди алалы, мамлекеттен алган пенсиясын же ичкен тамагына жеткире албай, же ичкен дарысына жеткире албай, же коммуналдык төлөмдөрүнө жеткире албай калды. Кыскасы, “кайда барба, Мамайдын көрү” деген абалдабыз. 

Алиясбек Алымкулов, КР Эл Баатыры:

-- Аалам азыр санариптешкен учурда "фейк" аталган жансыз активдер көбөйүп, тирүүчүлүктүн багытын башкарып калганы ойлондурбай койбойт. Санариптешкен замандан артта калбай, биздин мамлекетте да жансыз активдердин соцтармактардагы бир тараптуу кыймылы өлкөнү белгисиз туңгуюкка алып барып салышы толук ыктымал. Ар бир активдүү жаран кимдин ким экенин, күн кайдан чыгып, кандай тийип жатканын, өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, ошондой эле экономикасы канчалык деңгээлде кайда бара жатканын байкап, билип турушат. Ошондуктан, мамлекеттин багытын жансыздардын (фейк-фабрикалардын) пикирине ишенип туңгуюкка салып албастан, активдүү жарандардын пикирлерин эске алган реалдуу.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Бийликтин милдети – өзүн актоо, жактоо. Анын пиары “баары жакшы, дээрлик ойдогудай” деп айтышат жана айтууга милдеткер сыяктуу. Бирок, тилекке каршы, саясый жана экономикалык абал өтө оорлошуп кетти. Өзгөчө акыркы азык-түлүккө, коммундалдык кызматтарга болгон баалардын жогорулаганы, көпчүлүк жаштардын, орто муундагы жумушка жарактуу адамдардын сыртка чыгып кетип атышы да ушундан улам болуп аткансыйт. Жашоо оорлоп, жакырчылык көбөйдү. Өкмөттүн өнүгүү программасын, алардын иш жүзүнө ашып атканын көрө элекпиз. Жөнөкөй, карапайым элдер үчүн алардын жашоо шартын көтөрө турган бийликтин алдыга таштаган кадамдары байкалган жок. Ошол эле учурда айлык акыны көтөрүү стратегиясы, анын иштөө механизмдери бир орундан жылбай турат. Ушундан улам саясый чыңалуу күн сайын өзүнүн апогейин көздөй жылып баратат...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер