Өлүм менен коркуткан Нуржигит Кадырбеков “жихадга” алпарабы?
Дин саясаттан сырткары болуш керек. Бул боюнча Конституцияда да жазылган. Эчен ирет эскертип, бийликке коңгуроо кагып келатабыз. Натыйжа жок. Тескерисинче, коомчулук диндешип, шектүү агымдардын басымы күчөп баратканы байкалууда.
Мисалы, “Ыйман Нуру” партиясы жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго катышып, төрт шаардан мандатка илингенин Нуржигит Кадырбеков мактана айтып отурат. Анан калса, бул дааватчы өзүнчө оттоп, коррупционер менен педофилдерге өлүм жазасын сунуш кылууда. Тайыздыгын карачы? Мыйзамы чала Кыргызстанда, сатылган соттордун арааны жүрүп турганда, элестете бергиле, “коррупционер” же “педофилсиң” деп бирөө каршылашына арыз жазса, анан ал өлүмгө буюрулса, кийин ак экени айгинеленсе, кантебиз ыя? Негизи оор кылмыш жасагандар практика жүзүндө өмүр бою, же 20-25 жылга кесилип келатат. Мындай жаза деле оңой эмес.
Чала молдо Нуржигит Кадырбековдун ойлонбой сүйлөгөнүн, радикалдуулукка канбаганын, сыртынан жылмаңдаганы менен ичи толо “ириң” экенин байкадыңарбы? Түз эле өлтүрүүнү оозанат! Ашынган диний агымдын максаты ушундай тура, кыйноо, зулумдук, жан алуу менен гана коркутушат. Сыртынан сыр билгизбей сербеңдеп, жаттап алган кооз сөздөрүн саймедирейт, а түпкүрүндө ислам мамлекетин куруу, “аллоху ахбар”, “жихад” экени жалганбы? Мунун баары алар окуган китептер аркылуу тар чөйчөктөрүнө сиңирилгенби? Эми ушундай коркунучтуу агымга салтыбызды, үрп-адатыбызды, дегеле улуттук баалуулуктардын баарын садага чабабызбы? Суроолор көп.
Ток этери, “Ыйман Нурунун” лидери Нуржигит Кадырбеков кимдир бирөөлөрдүн “куурчагы” катары ойноп атышы мүмкүн. Ал эми бул диний партиянын артындагы байлар бизнести шылтоолошуп, кыргыздын ырысын “майкандагандар”, асыресе, сырткы күчтөрдүн тапшырмаларын аткаргандар эмеспи? Кошумча миллиондор кайсы ашынган исламчы өлкөлөрдөн агылып келүүдө? Кеч болуп кала электе УКМК, ИИМ текшербейби?..
"Азия Ньюс" гезити