Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев, ишкер: “Тайванда окуунун, илимдин алдыңкыларын парадга чыгарып, чоң сый-урмат көрүлөт экен”

Эмил Үмөталиев, ишкер: “Тайванда окуунун, илимдин алдыңкыларын парадга чыгарып, чоң сый-урмат көрүлөт экен”

31-август, 18:30
1 477 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил агай, биз билимдүү жаш муунга өзгөчө камкордук көрө албай, көңүлкош мамиле жасап жаткан жокпузбу? Илимдүүлөр чет өлкөлөргө кетип калышууда...

-- Эсимде, бир сапар Тайвань жерине барып калып, эгемендик күнүн белгилеген майрамына катышып калдым. Парадда аскерлер курал, аскердик техникалар менен өткөнүн көрөбүз го (?) деп ойлогонбуз. Бирок, баары башкача болду. Парад башталганда машиненин үнү угулду. Аңгыча чоң машине чыкты. Анын үстүндө жападан жалгыз бир бала отурганын көрдүк. Эмнеге килтейген машинеде бир эле бала отурат?” деп ойлодук. Көрсө, ал окуучу экен. Тагыраагы, илимдин чемпиону экен. Анын артынан чыккан машинелерде дагы бирден окуучулар отурду. Тайванда окуунун, илимдин алдыңкыларын парадга чыгарып, чоң сый-урмат көрсөтүлгөнүн көрүп, абдан таңгалдык.

Тайвань эли акылман, көрөгөч эл экен. Алар мындай урмат-сыйы менен келечек муунга дем берип, билимди, илимди даңазалайт тура. Алардын билимдүүлөрү бийликтин куралы болбой, мамлекетти өнүктүрүүгө, экономиканы жогорулатууга салым кошушат экен. Ошон үчүн тайвандар өндүргөн товарлар сапаттуу жана артыкчылыктарга ээ болуп, баардык жакта импорт катары колдонулуп атпайбы.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер