Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Шайлоого келбеген адамдарга айып пул салган туура эмес”

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Шайлоого келбеген адамдарга айып пул салган туура эмес”

29-октябрь, 08:00
967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлшаркан Оконовна, кээ бир кесиптештериңиз шайлоолорду демалышта эмес, иш күндөрү өткөрүүнү сунушташууда. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?

-- Элдин колу бош, демалыш күнү эле өткөнү туура го. Бул мурдатан эле келаткан норма. Иш күндөрү адамдар жумушка барышы керек. Шайлоо мыйзамдары боюнча да демалыш күнү өтөт деп жазылган. Эгер өзгөрсө, аны да акылдашып көрүү керек. Бирок негизи, демалыш күнү эле болгону жакшы. 

-Акыркы кездерде шайлоочулардын шайлоо участокторуна келиши абдан төмөн болуп атпайбы. Иш күнүнө жылдыралы деген ошол элдин келишин көбөйтүүдөн уламбы?

-- Андай көйгөй чындыгында бар. Мурда мыйзам менен кайсы бир пайыздан ашканда гана шайлоо өткөнү эсептелчү. Азыр болсо келген адамдын санынан эле пайызын чыгарып атышпайбы. Адамдарды шайлоого көбүрөөк келтириш үчүн эл “биз шайлаган кишилер мамлекет үчүн кызмат кылат” деп кызыкдар болушу керек. Шайлоочуларды мажбурлап алып келе албайсың да. Бирок, ошол эле мезгилде ар бир адамдын өзүндө жоопкерчилик каралса. 

-- Шайлоочуларды “шайлоого сөзсүз келесиң!” деп милдеттендирсек туура болобу?

-- “Милдеттендирип, келбегендерге айып пул салыш керек” деген да сунуштар чыккан. Бирок, милдеттендирген туура эмес да. Башка ыкмалар менен көбөйткөн оң. Адамдар өздөрү мамлекеттин туруктуулугуна кызыкдар болуш керек. Депутаттар кабыл алган чечимдер, токтомдор маанилүү экенин ар бир жаран билиши зарыл


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер