Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоонун көркү аялзат

Жашоонун көркү аялзат

02-сентябрь, 21:03
805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул жашоодо журналисттик кесибиме байланыштуу далай асыл жана улук адамдарды көрүп, баарлашып калдым. Азыр ардактуу эс алууга чыгып, карыялар, апалар менен маектешкенди жакшы көрөм. Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун өрнөк алар карапайым инсандар көп. Мына ордо калаабыз Бишкектен өйдө карай 30 чакырым жүрсөңүз, Ысык-Атанын жолунда кичинекей Горная Маевка деген абасы таза, суусу тунук, тыптынч, адамдары кичипейил жана мээримдүү айыл бар. Бишкектин унаа тыгынынан, экологиялык көйгөйлөрүнөн, ызы-чуусунан жадашкан шаардыктар эс алганы бат-бат тоо койнуна чыкканды салтка айландырып алышты. 

Бул жерге тургундар оболу XIX кылымдан тартып орустар, ага дейре алайлыктар менен саяктар башка тараптардан көчүп келишип, акырындап отурукташа баштаган экен. Араб боордоштор суктанышкан бейиштей эле жер. Эгин-тигиндин, мөмө-жемиштин баардык түрү өрөөнгө салыштырмалуу бир ай кечигип бышат. Техниканын түрү көп. Тоо койнундагы аянттарды айдап, малалап, жөөк тартып, бышкан кезде оруп-жыйнаган тракторлор менен комбайндар толтура. Жер эненин берекесин баамдап ичиңен ыраазы болосуң. 

Ушул айылда бир жаны тынбаган, элдин жашы-карысы менен бирдей сүйлөшкөн, тасмадай созулган жолдун боюн көрктөндүрүп, татынакай соода түйүнүн курган, айлана-тегерегин гүлзарга айланткан, соопкерчиликти, кайрымдуулукту аткара билген Нуржамийла Токтогулова деген элеттик апа бар. Аны бу чөлкөмдө таныбаган киши жок го дейм. Бул аял менен он жылдан ашык мезгилден бери жакындан таанышып калып, замандаштарыма анын Ата журт үчүн адал эмгегин баяндагым келди. 

Учурда алтымыштын кырынан ашкан Нуржамийла Сеитжановна 1963-жылы Талас районунун “Манас” колхозуна караштуу Жданов, азыркы Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген экен. Атасы мал чарбачылыгында, апасы айылдагы дүкөндө пол жууп иштеп, он бир перзентти төрөп, тарбиялап өстүрүшүптүр. Он бир баланы багып чоңойтуу бир топ түйшүктүү да. Балдар ата-энесине жакындан жардам беришип, Таластын тамекисин үзүп-тизүүдө астейдил иштешкен. Анткени бир кило тамекини “Манас” колхозуна тапшырганга 12 тыйын төлөчү экен. Ал акчага бир наабай нан жана бир дептер сатып алса болор эле. Акча күчтүү болчу. Сүт, айран, эт менен тамактанышчу балдар. “Кыям, лагман дегенди, орусча дурустап сүйлөшкөндү билчү эмеспиз” деп эскерет замандашым. Сейитжан ата 1978-жылы кам кыш менен беш бөлмөлүү чоң там салыптыр. Дубалды абдан калың уруп, актап, сырдап коюшуптур. Балдар-кыздардын сабакка даярданышына жакшы шарт түзүп. Советтик мезгилде билим алган Нуржамийла соода-сатыкта иштеген адамдардын жашоо-турмушу жакшы экенин баамдап, анын окуусуна кызыгып калат. Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Фрунзедеги №10 соода окуу жайына тапшырып, тырышып окуйт. Окууну бүтүп атайын адистикке ээ болгон соң, Нуржамийла эмгек жолун Фрунзедеги айнек заводунан баштаптыр. Жүк түшүргүч катары айнек банкаларды ташып мээнеттенет. 

 Жаштык кезде нике кайыптын буюрганы тура. Курбу кыздары менен тоону карай эс алганы чыгышканда, бешенесине узун бойлуу, чырайлуу, маданияттуу Кадыр деген ушул айылдык жигитке байланып, бири-бирин жактырып калышат. Ал карапайым жигит электрик кесипке окуп, кийин үчүнчү автопаркта эмгектенип, кадыр-барк тапкан. Экөөнүн Зарина, Аида деген кыздары жана Тилек аттуу кенже уулу бар. Кыздары апа кесибин улантышып, экономикалык жогорку билим алышты. Уулу кыргыз архитектура жана курулуш университетин аяктап, туризм тармагында иштейт. Чогуу кырк жылдан ашуун түтүн булатышкан жубайлар далай жакшылыктарды бирге көрүштү. Татынакай перзенттерди тарбиялашты. Айылда гана эмес райондогу замандаштарынын урмат-сыйына татыктуу болушту. Анан эми жашоо-турмуш ушундай экен, Кадыр аксакал былтыр каза болуп, чын дүйнөгө аттанып кете берди. Артында эл аңыз кылган эмгеги, жакшылыктары, мээрбандыгы калды. 

Нуржамийла кырк жылдан ашуун элеттеги кичинекей дүкөндө иштеп, ар кандай кыйынчылыктарды, оорчулуктарды баштан кечирди. Алгач ал башкарган дүкөн Таш-Мойноктогу айылдык керек-жарак коомуна карай турган. Оболу кырдаал дурус эле болуп, кардарларды маданияттуу, илбериңкилик менен тейлөөгө аракет жасачу. Жумуш аябай көп. Кичинекей балдарды багып тарбиялоого кайненеси чын дилден көмөктөшүптүр. Кайнатасы малды бордоп семиртип, таза киреше тапчу экен. 1987-жылы Нуржамийла менен Кадыр үлүш жер алышып, там салышат. Алардын айылы илгери Куйбышев атындагы совхозго карачу. Союз убагында жердештери коомдук малды коңшулаш Казакстандын Кенес-Анархайында багыша турган. Анан эле жетимиш жыл жашап, коммунизмди карай алгалап бараткан союз урап түшүп, карапайым элге жашоо абдан кыйын болуп калат. Дүкөндүн текчелери жылан сыйпагандай аңгырап бошоп, товар жок, абдан кыйын жылдар эле. Эптеп жан багыш үчүн айылдыктар самогон, арак, чылым сатып күн кечирип турушту. Арак, кумшекер, самын, азыктын түрлөрү талон менен берилип калат. Ошондо эптеп чыдап дүкөндү өзүнө өткөрүп алган бул кайратман апа акырындап кризистин сормо сазынан чыгып, эгемендүүлүктүн желаргысы менен татынакай азык-түлүк жана чарбалык буюмдар дүкөнүн куруп алган. Өзүнүн адал эмгеги аркылуу чоң жолдун боюнда кароосуз жаткан жерлерди өздөштүрүп, мөмө-жемиш бактарын, теректерди, түркүн гүлдөрдү тигет. Айылды өнүктүрүүгө үлкөн салымын кошкон. 

Азыркы учурда дале соода-сатыгынан калбай, кыздары менен чогуу эмгек казанын кайнатып жатат. Күн сайын орточо эсептегенде 70-80 миң сомдук соода кылат. Чакан фермердик чарбаны да уюштуруп койгон. Ким кандай өтүнүч-талап менен кайрылбасын, аны угуп, жардам бергенге ниеттенет. Эң башкысы, көптөгөн грамота-дипломдордон тышкары карапайым элдин алкышына, ардактоосуна ээ болууда. Акыркы жылдарда карапайым калктын жашоо-турмушу сезилерлик оңолуп, мамлекетибиз алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошула баштаганын чын дилинен колдоп кубаттайт. Ушундай апалар көп болсо, жашоо-турмушубуз дагы да жогорулап, маанайыбыз өсөр беле (?) деген ойдомун.


Адылжан Жажанов, журналист  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер