Россиядагы кыргыз мигранттарына кайдыгер карабайлы

Түндүк Корея менен Россиянын ымаласы келишип, ириде аскердик байланыштарын чыңдап аткан маалыматтарды буга чейин окуганбыз. Украинага каршы миңдеген корей согушчандары тартылары жарыяланып, эл аралык прессада талкууларды жараткан. Негизинен эки өлкө экономикалык, соода-сатык катыштарынан сырткары да байланыштарын жакындатып жаткандай. Маселен, соңку убакта Түндүк Кореядан 15 миң эмгек мигранты Россияга тартылары, бул көрсөткүч дагы өсө турганы айтылууда. Ошондо Кыргызстандан барган мекендештерибиз ар кандай кордуктардан улам үйлөрүнө кайтса, алардын ордуна жаңы жумушчу күчтөрү алына баштаганы ушулбу? Өлкөбүздүн экономикасына Россияда иштеген жарандарыбыздын салымы чоң эле. Жалпысынан жылына 2,5 миллиард доллар чамасындай каражат Кыргызстанга которулуп турса, мындан ары азая береби? Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз мигранттарына карата орус элинин маанайы жакшы экенин ЖМКлардан көп жолу окуганбыз. Түпкүлүгүндө кыргыз бийлиги, ТИМ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россиядагы көйгөйлөрдү чечсе болбойбу? Бул көрүнүш соңку убактагы олуттуу маселеге айланып баратат.
"Азия Ньюс" гезити