Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: «Радикал динчилдер элдин ынтымагын ыдыратышып, биримдикке жик салып келишет»

Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: «Радикал динчилдер элдин ынтымагын ыдыратышып, биримдикке жик салып келишет»

16-май, 17:48
1 088 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арыбаңыз, Гүлзат айым! Коомчулукта «теңирчилер» жана «арабкулдар» деп эки жаатка бөлүнүшүп, өзгөчө соцтармакта кайым айтышкандар токточудай эмес го?..

-- Бар болуңуз! Кыргыз тилинин энциклопедиялык, этимологиялык, орфографиялык жана түшүндүрмө сөздүктөрүндө «теңир» деген теоним (грекчеден theos Жараткан, onyma – ат, аталыш, ысым) өтө кеңири кездешкени менен «теңирчи» деген сөз таптакыр кездешпейт. 

Тилекке каршы, СССР кулагандан кийин Египет менен Пакистандан импорттолуп келип жаткан радикалдуу диний агымдардын лидерлери «теңирчи» деген жасалма терминди ойлоп чыгышып, ошол жасалма терминдин жардамы аркасында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын гана эмес, ата-бабаларыбыз кабыл алган ханафи мазхабын дагы көз көрүнөө эле ташталканын чыгара талкалап жатышканы өтө өкүнтөт. 

Соцтармактардагы тирешүү маселеси тууралуу айта турган болсок, аны токтотуунун жолу оңой эле. Ири алдыда, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын радикал динчилердин кара чабуулунан коргоп, «радикал динди бетке кармап алып, Айкөл Манас атабыз менен Апрель шейиттери сыяктуу маркумдарды порнографиялык мазмундагы ыплас тилде ашата сөкпөгүлө!», «Жаратканга кыргыз тилинде жалынса болот», «кыргыздын балдарына арабча ысым койгондорго салык салуу керек» деп коомдо болуп жаткан ачуу чындыкты констатациялаган жарандарды ИИМдин алдындагы бөлүм кылмышкер катары баса калып, аларды Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренеси менен соттук куугунтукка алып, акчасыз кыргыздардан «результат» жасап, кызматтык тепкич боюнча улам жогору көтөрүлүп, улам жаңы наам алып жаткандарга УКМК жана прокуратура органдары тараптан тыкыр көзөмөл керек. 

Анткени, ошол эле социалдык тармактарда «теңирчилер тоо-ташка, отко-бокко сыйынышат», «теңирчилер аялын коногунун койнуна салып беришет», «теңирчилер маркумдарын бак-даракка илишип, итке-кушка жем кылышат», «теңирчилер – булар алкаштар», «теңирчилик – бул чочкодон да төмөн айбандык» деп чындыкка таптакыр коошпогон жөө жомоктор аркылуу кыргыз элинин тарыхый өтмүшүн, улуттук каада-салтын, үрп-адатын ачыктан-ачык эле шылдыңдашып, ханафи мазхабынын эмес, кыргыз элине чоочун араб баалуулуктарын таңуулаган фейк жана фейк эмес радикал динчилдер элдин ынтымагын ыдыратышып, биримдигине жик салууну токтотпой келишет. 

-- Тирешкендерди ынтымакка келтирип, бирдиктүү идеологиялык багытка салса болбойбу? 

-- Албетте, болот. Мисалы, «мамлекеттик идеологияга жооп берем» деп үлкөн кызматка келип, кыргыз эли төлөгөн салыктардан топтолгон мамлекеттик казынадан олчойгон айлык алып жаткан мамкатчы мырза жөө жомок айтууну токтотуп, реалдуу аракеттерге өтүп, өзүнүн кол алдында иштеген мамлекеттик органдарга идеологиялык багыттарды ишке ашыруу максатын көздөгөн тапшырмаларды үстөккө-босток берип, ошол тапшырмалардын өз убагында так аткарылуусун тыкыр көзөмөлгө алуусу зарыл. Мисалы, дин кызматкерлери менен «теңирчи» атка конгон жарандар ортосуна көпүрө салчу «тегерек үстөлдөрдү», жолугушууларды, баарлашууларды, пикир алышууларды уюштурсун. 

Ошондой эле бүгүнкү бийликти тарых алдында жана келечек урпактар алдында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылбаш үчүн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктиктер» деп аталган уңгужолду (доктринаны) светтик Кыргызстандын аймагына халифат курууну каалаган радикал динчилердин буюртмасы аркылуу «теңирчи» деген жасалма термин менен КР Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренеси боюнча соттук куугунтукка алынган улуттук интеллигенциянын 30га чукул алдыңкы өкүлдөрүн толук бойдон реабилитация кылуу иш-чарасынан баштасын!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер