Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акмарал Эркинбек кызы: “Чоң таятам Казыбектин казалдарын айтчу экен”

Акмарал Эркинбек кызы: “Чоң таятам Казыбектин казалдарын айтчу экен”

20-январь, 09:00
915 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акмарал, жөндөм-шык адатта ата-энеден келет эмеспи. Сенин да ата-энең ырчы окшойт?

-- Ооба, ата-энем экөө тең ырдашат. Апам комуз чертет. Чоң атам да ырдачу. Азыр атамдын карындаштары да бүт ырдашат. Таятам да комуз чертип, таенем ырдайт. Чоң таятабыз болсо Казыбектин казалдарын айтчу экен. Ошондон улам ырга, комузга кызыгуум кичинекей кезимен эле башталып, 11 жашыман баштап комуз үйрөнгөм. Андыктан, ырчылык мага эки жактан тең келген талант деп ойлойм. Азыр Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын элдик ырдоо бөлүмүнүндө экинчи курста окуп жатам. Биринчи курста устатым Шербет Абдылдаева эле. Азыр болсо Максат Кыштобаев агай. Өзүм Нарын районуна караштуу Кайыңды айылынан болом. Келечекке чоң максаттарым бар. Азыркы максатым окуп, билим алуу. Эң чоң максатым элдин көңүлүнөн, жүрөгүнөн орун алган, эл оозунда калган, комуз менен ырдап таанылган ырчы болгум келет. Ал максатыма азыртан аракет кылып жатам. 

-- Кумирлериң ким?

-- Кичинекей кезимен комуз кармап, элдик ырларды ырдап жүргөнүм үчүн кумирлерим да ушул чөйрөдөн. Мыскал Өмүрканова, Сагыйпа Чечейбаева апаларыбызды кумир тутам. Азыркы учурдагы кумирлерим Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова. 

-- Ала-Тоо жөнүндөгү ырды өзгөчө сонун аткарат экенсиң. Ал ырды тандап алууңа эмне түрткү болду?

-- Ала-Тоо жөнүндөгү ырды Саламат Садыкова эжебиздин аткаруусунда уккам. Укканда эле аябай жакты. Апам да “ушул ырды ырдабайсыңбы” деп сунуштап калды. Анан устатым Жылдыз Абдыгазиева эжейибиз менен ушул ырды иштеп, ырдап чыккам. Азыр репертуарымдагы жакшы көргөн ырларымдын бири. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер