Ленин РИИБ начальниги Бактыбек Нарчаев эки ирет шалаакылыгын көрсөттү

Бир мандаттуу Ленин округунан экинчи ирет шайлоо өтүп, бул жолу да добуш сатып алуулар арбын катталганы боюнча талаш-тартыштар жаралды. Атаандаш талапкерлер, байкоочулар Кубанычбек Самаковдун мыйзамдарды одоно бузганы боюнча арыз беришип, итжыгылыш уланууда. Эми бул таризде өзүнчө кенен токтолобуз. Азырынча бир олуттуу көрүнүшкө көңүлүңөрдү буралы.
Ленин РИИБнин начальниги Бактыбек Нарчаев эки ирет шайлоону жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөй албай, добуш сатып алууларга жол берип, милдетин так аткарууга шаасы жетпеди. Шалаакылык да. Шайлоо участокторунда милиция тийешелүү көзөмөлүн кылууга алы жетпей, айрым башаламандыктарга жол берди. Түшүнгөн адамга мындай көрүнүш мамлекеттүүлүктүн пайдубалына шек жараткандай туюлат. Натыйжада, Бактыбек Нарчаевди кызматынан кетирүүгө толук негиз бар.
Ал эми Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев алгачкы сыноодон өтпөй, береги мисалдан улам чабал кадр катары көрүндү. Татыксыздар борбордогу негизги жумуштарды аркалап отурушса, ал эми профессионалдар аймактарга жөнөтүлүп, айрымдары кызматтарынан четтетилип кетишкен. Көп эле мисал келтирейин дейсиң. Бирок, сууну да сиңген жерге куюш керек го...