Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Психологиялык ооруга чалдыккандар селфи кылышып, соцтармактарга сүрөттөрүн жүктөшөт

Психологиялык ооруга чалдыккандар селфи кылышып, соцтармактарга сүрөттөрүн жүктөшөт

18-ноябрь, 12:35
1 501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Европанын жана Индиянын окумуштуулары уюлдук телефондон сүрөткө түшүп, аны интернетке жүктөө, азыркылардын сөзү менен айтканда селфи – бул психикалык оору экенин айтып чыгышты. Селфинин психологиялык оору экенин Journal of Mental Health and Addiction журналына жарыяланды.

“Селфитис» деген термин бул ойлонуп чыгарылган жаңылык катары түшүндүрөт. Ал эми селфиге болгон көз карандылык – бул чындыгында оору (!) дейт окумуштуулар. 

Селфини изилдөө үчүн 200 ыктыярчыны изилдешкен. Алар селфиге көз каранды адамдарды иликтеп, алардын психологиясында “мен өзүмдүн сүрөтүмдү тартып, социалдык тармактарга жүктөгөн сайын атактуулугум артат” деген ойдо болгон. Ал эми жаштар, өспүрүмдөр болсо сүрөткө түшүп, интернетке жарыялоодо алар өздөрүн досторунан жогору сезерин айтышкан. Эгерде адам бир күндө үч жолу селфи кылып, аны соцтармактарга жүктөсө, “анын психологиялык оорусу башталды” десе болот. А эгерде ал бир күндө алты жолу сүрөткө түшүп, баарын соцтармактарга жүктөсө, демек, анда оорунун курч фазасы байкалат. Бул барып отуруп “өнөкөт селфитис” дартына кабылат экен. Эгер адам күнүгө бир нече жолу сүрөткө түшүп, аны соцтармакка жүктөп турбаса, кадимкидей ооруп, өзүн көзөмөлдөй албай, чылым чеккен же аракка берилген адамдай психологиясы “сынып” кыйналат экен. 

Негизи селфитис – бул өзүнө-өзү анча ишенбегендер, ошондуктан алар башкалардын көңүл буруусуна муктаж болгондуктан сүрөттөр аркылуу аракет кылышарын адистер айтышууда. Ошондуктан адистер мындай адатка, ооруга кабылган адамдарга психологиялык жардам керек жана аны дарылоо да оңойго турбасын эскертишти. 

Ал эми Кыргызстанда деле селфилеп сулуу сүрөттөрүн, кыймыл-аракеттерин   соцтармактарга байма-бай жарыялап тургандардын саны арбын. Селфи тууралуу соцтармакта сулуу сүрөттөрү бар чыгармачыл инсандарга суроо узаттык: 


-- Сулуу келбетиңизди дайыма сүрөткө тартып, интернет тармактарына жүктөйсүзбү? Селфи – бул оорубу же адатпы?

Рыскүл ЫЗАТОВА, акын:

-- Мен, тескерисинче, селфилегенди, бирөө менен сүрөткө түшкөндү унуткандардын катарына кирем. Жадагалса эфирлерге, тойлорго барганда сүрөткө түшпөйм. Көбүнчө атайын фотосессия кылдырам. “Фотосессия жасатам” дегеним деле туура эмес. Алар мени фотосессия жасатышат. Себеби, чапанды, көйнөктү, же фотографты ж.б. жарнамалоо үчүн атайын модель катары сунуштар менен түшөм. Же акча төлөп, же бартер катары болушу мүмкүн. Бул эми кызмат десек да болот. Андай оорум жок экен. Ал эми ар бир кыймыл-аракетимди сүрөткө тартып, соцтармактарга чыгаруу адатым жок. 

Жанета БАЯЛИЕВА, КР эмгек сиңирген артисти:

-- Мен чыгармачыл адам болгондон кийин кайсы жерге барбайын, ошол жерде өтүп жаткан иш-чарадан сүрөткө түшүп чыгарып турам. Концерт болобу же марафонбу, же кайрымдуулукпу, айтор, кандай гана иш-чара болбосун, ошол жердеги өтүп жаткан окуядагы көз ирмемди чагылдырып, өзүмдүн күйөрмандарыма, же Фейсбук, Инстаграммдагы досторго (!) деп жүктөп коём. Бул негизинен жарнамалоо, элге маалымат жеткирүүнүн бир жолу да. Себеби, биз аткарып жаткан иш-чараларды чагылдырып туруш керекпиз. Анүстүнө азыр  баарын социалдык тармак каптап калды. Ошол жакка сүрөттөрүңдү жана жаңылыктарыңды чыгарсаң, элге көбүрөөк жетет. Биздин көрөрмандарга интернет аркылуу маалыматтарды өзүң эле жеткирип койсоң болот. Мен селфи тарткан сүрөттөрүмдү өзүмдүн жумушума тийешелүү болгону үчүн чыгарып коём. Бул чыгармачыл адамдарга сөзсүз керек. 

Элмира ТАГАЕВА, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актрисасы:

-- Мен башкалардай болуп күнүгө эле сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга жүктөй бербейм. Кээде ар кандай иш-чараларда, же киного тартылып жатканда, спектаклде ойногондо, же бир жакшылыктарга барганда жакшы бир учурда гана түшүп коём. Бирок айрым азыркы адамдардай болуп селфиге байланган эмесмин, көз карандылыгым да жок. Сүрөткө түшпөй деле жүрө берем. Кээде “сүрөткө тартып койчу, кел түшүп алалычы?” деген сунуштар болот, айрымдары тойго же концертке баргандан баштап, кеткенге чейин селфилеп, соткасы менен алек болгондор бар. А менде андай оору да, адат да жок. Кээде ушундай адамдарды көрүп аябай таңгалам. Азыр жаштардын көбү баскан-турганын, ичкен-жегенинен бери селфи кылып тартып, интернетке чыгара беришет. Бул азыркы жаштарга жана айрым адамдар үчүн көнүмүш эле адат болуп калды. Селфиден тышкары телефондон “түз эфирге” да чыгып атышат. Мындай селфинин деле адамга терс таасири жок болушу керек да. Бул – замандын талабына жараша болуп жаткан көрунүш.


Зарина КАПАРОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер