Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экс-мэр Урмат Самаев акталып, акыл-эстүү адамдар таңгалууда

Экс-мэр Урмат Самаев акталып, акыл-эстүү адамдар таңгалууда

17-январь, 14:51
932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2023-жылдын 17-апрелинде Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев атайын аскерлердин операциясы менен кармалган. Шоу маанайында коштолуп. Ал коррупцияга айыпталып, 130 миллион сомду “сологонго” шектелгени ЖМКларга жабырап чыкпады беле? Бирок көп узабай 29-апрелде үй камагына чыгып, ошондон бери тынчып калган. А баса, эсибизде, Урмат Самаев кармалганда эч нерсе түшүнбөй жатканын, коррупцияга тийешеси жоктугун айткан эле. Ошентип, убакыт өтүп, үстүбүздөгү жылдын 13-январында Жогорку сотто анын иши каралып, акталганы боюнча маалымат желдей тарады. Албетте, күнөөсүз болсо акталышы шарт. Кыскасы, бул көрүнүшкө акыл-эстүү адамдар таңгалууда. Урмат Самаевге окшоп, дагы канча чиновник, бизнесмендер акталышат болду экен? Бүйүр кызыткан кезең али алдыда окшойт...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер