Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миргүл Темирбаев, ЖК депутаты: “Кулундуда банкоматтар иштеп жатат”

Миргүл Темирбаев, ЖК депутаты: “Кулундуда банкоматтар иштеп жатат”

17-март, 14:16
942 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Миргүл айым, сиз бир нече жолу Лейлек районуна банктардын филиалдарын ачуу боюнча маселе көтөрдүңүз эле. Ал аракетиңизден натыйжа чыгып жатабы?

-- Мен мандат алып келген күндөн эле Лейлек районунун жашоочулары мага бул маселе боюнча көп кайрылышты. Биздин райондун борбору Раззаков шаарында ар бир банктын офистери бар, бирок шаар чоң болгондугуна байланыштуу райондун өйдөкү жана ылдыйкы бөлүгү борбордон бир топ алыста жайгашкан. Ошондуктан, эл ылдыйкы бөлүгүндөгү Кулунду айылына да ачып берүүнү суранышкан. Мен бул маселе боюнча “Айылбанктын”, “РСК-банктын” жетекчилерине кайрылсам, РСК-банк эң биринчи болуп өзүнүн чечимин кабыл алды. Банктын ошол кездеги жетекчиси Кадырбек Букуев экөөбүз Кулунду айыл өкмөтүнө барып, эл менен жолугуп, ошол жерден чечим кабыл алып келгенбиз. Бүгүнкү күндө Кулундуда РСК-банктын филиалы иштеп жатат.

-- Банкоматтар боюнча маселечи?

-Кечинде банк жабылгандан кийин деле элде муктаждыктар болот экен да. Ошондуктан, банкоматтарды ачуу боюнча да суранычтар түшкөн. Дагы эле Элдикбанк өзүнүн банкоматын коюп берди Кулунду айыл өкмөтүнө. Анан МБанк боюнча өтө көп суранышкан. Анткени, көп колдонулат экен. Жетекчилерине кайрылсам, алар да өздөрүнүн эксперттерин жөнөтүп, райондогу точкалар боюнча анализ жасап, бүгүнкү күндө Кулунду айыл өкмөтүнө коюлду. Андан тышкары, райондон алыс жайгашкан Катраң деген да чоң айыл өкмөтү бар. Буюрса, ал дагы алдыдагы программада турат. Банктын жетекчилиги маалымат берди, жакын арада ачылат деп күтүп атабыз.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер