Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган маданий иш-чаралардын программасы

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган маданий иш-чаралардын программасы

24-август, 20:51
286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-августта саат 16:00-19:00дө “Ден соолук” сейил багында спорттун беш түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча мелдеш өтөт. Ошондой эле паркта саат 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Тепляшиндин үч автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда.

Ал эми Ала-Тоо аянтында саат 19:30да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт.

Мындан сырткары, төрт райондун аймагында түркүн иш-чаралар болот.

Биринчи Май районунда:

-- 26-августта саат 20:00дөн 23:00гө чейин улуттук тарых музейинин алдында “Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейин” иш-чарасы болот;

-- 27-августта саат 12:00дө Мурас-Ордо жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда “Ыр-кесе” ыр сынагын өткөрүү пландалууда.

Октябрь районунда:

-- 31-августта саат 18:00-21:00гө чейин “Ынтымак-2” сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.

Свердлов районунда:

-- 30-августта саат 10:00дө “Кара жыгач” сейил багында концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт;

-- 30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар өткөрүлөт;

-- 31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда;

-- 31-август саат 11:00дө Эне-Сай конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин районунда:

-- 31-августта саат 10:00дө Ак-Өргө конушунда, ЖолонАлыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде концерттик программанын коштоосунда балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда;

-- 31-августта саат 14:00дө Ала-Арча конушунда, СыдыгалыШералиев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер