Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Бөлтүрүков өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат берүүдө”

Исхак Масалиев: “Бөлтүрүков өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат берүүдө”

29-апрель, 19:00
489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, жакында эле комитеттин мүчөлөрү Кумтөр кенине барып келишпедиби. Сиз да бардыңызбы?

-- Жок, врачтар тыюу салганынан улам бара албай калдым. Комитеттин мүчөлөрү барышып, Бөлтүрүковдун лекциясын, болочок пландарын угуп, “ишкана аябай жакшы иштеп жатыптыр” деп кубанып келишти. Алар биринчи жолу барып жатышат да Малиевден башкасы. Мен ал жерде 2001-жылы болгом. Азыр барып, салыштырып көрөйүн дедим эле.

-- 2001-жылдан бери көп нерсе өзгөрдү да. Азыр кен балким, чындап эле жакшы иштеп жаткандыр?

-- Мен көргөн тоолордон эчтеке калган жок. Ошондо биз түнөгөн лагерь, пластиктен курулган кичинекей шаарча бар болчу. Аны беш-алты жыл мурда жер көчкү басып калыптыр. Бул ал жерди мындан ары иштетүү коркунучтуу болуп калды дегенди туюндурат. Жердин бүтүндүгү бузулган. Сууну аябай иштеттик да. Ал түбөлүк тоң жер. Биз кен иштете баштаган соң жер жылып, тоң бузулду. Албетте, кенди өзүбүзгө алганыбыз аябай жакшы болду, бирок эми экологияга өзгөчө көңүл бурбасак болбойт.

Эгер мен барып калганымда, Бөлтүрүковго мындай суроону берет элем: тышкы башкаруу киргизгенде биз аудит өткөрдүкпү? Канча алтын калыптыр? Азыркы келишим түзүлөрдүн алдында аудит өттүбү? Бюджетке канча акча түштү? Бул суроолор баары бир берилет. Азыр мен запросторду жиберип жатам. Менин пикирим боюнча, булар өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат берип, боло турган ишти “болду” деп айтып жатышат.

-- Акыркы келишим боюнча оюңуз кандай?

-- Өкмөттүн чечими менен келишимге кол коюу Бөлтүрүковго тапшырылды. Бирок, ал келишимде кыргыз тарап мындан ары ишканага аралашкан адамдарга карата кылмыш куугунтугун токтотот деген норма бар. Ага Бөлтүрүков кол коюп, “мен силерди камабайм” деп убада бергени кандай болот? Демек, ага Акылбек Жапаров өзү кол коюшу керек болчу. Эми эртең бир чатак чыкчу болсо, Бөлтүрүков жооп берип калат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер