Акыркы кабарлар
» Саясат » Бийликке таянуу менен “Рыжий Марат” миллиондорго ээ болуп, жолу ачылганда
Бийликке таянуу менен “Рыжий Марат” миллиондорго ээ болуп, жолу ачылганда
21-август, 19:30

Катардагы ишкерлер Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген кредит ала алышпайт. Тилекке каршы, “Рыжий Маратка” окшогон “крышасы” барлар, бийликке таянгандар туйтунуп жатышат. Бизнес айдыңында негизи калыстык болушу керек. “Рыжий Марат” аталган фонддон 1,7 миллион доллар алганы, ошонун шыбагасы менен Жыргалаң, Дөргү көмүр кендерин иштетип, байбачага айланып чыга келди. Аягы чуулган менен жыйынтыкталбайбы? Себеби, ага карата мурда кылмыш иштери козголуп, көмүскөдөн көп кептер айтылып келет. Түптүү, башынан бай ишкер болгондо, кредит албай эле мүмкүнчүлүгүн көрсөтмөк. Эми элибизге арзан көмүр сатабы, же “кайыш тилеби”? Көрө жаталы... "Азия Ньюс" гезити











