Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбаев коңшу өлкөдөгү окуяларга баа берүүдөн карманууга чакырды

Султанбаев коңшу өлкөдөгү окуяларга баа берүүдөн карманууга чакырды

04-июль, 11:54
282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарды кошуна жана башка чет өлкөдөгү окуяларга баа берүүдөн карманууга чакырды. 3-июлда ал коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге, блогерлерге жана башка жарандарга кыргыз, орус, англис тилдеринде жазган кайрылуусун Фейсбукка жарыялады.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери. Ошондуктан, биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз", - деди Султанбаев.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстандагы нааразылык акциялар кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында да талкууланууда.

26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономдуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер