Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм экинчи аял ала турганын айтты, а мен эшикти бекиттим

Күйөөм экинчи аял ала турганын айтты, а мен эшикти бекиттим

09-ноябрь, 12:49
3 973 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошум менен жашаганыма 12 жылдан ашыптыр, ойлосом көп эле кыйынчылыктарды жеңиптирбиз. Бирок сүйүүбүз өчүп, бала үчүн, намыс үчүн жашап жүргөндөйбүз.
Жакында “экинчи аял алам” деп айтты. Экөөбүз менен тең жашайт имиш. Бирок мен каршы болдум, “бизден кет” деп ачык эле айттым. 4 балабыз бар. Мурда деле  көп нерселерин кечирип келгем. Бул жолу такыр эле кечире албай койдум. Жумушка кетип, кайра келгенде үйгө киргизбей койдум. Туура эле кылдым окшойт, же ачууга алдырып жатамбы? Ишенем, мага кылган кылыктарын башкасына да кылат. Убада бере берет, бирок сөзүнө тура албайт. Эми болсо "ит болдум, кечир, кайталабайм" деп жалдырап жатат. 40тан ашса деле акылына 
келген жок. Кимге айтарымды билбей сиздерге жаздым. Эми кандай жашоо болору да белгисиз....


Зейне

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер