Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Наралиева: “Аялзаты билимдүү болсо, айланасына жарык чачат”

Бермет Наралиева: “Аялзаты билимдүү болсо, айланасына жарык чачат”

30-август, 07:50
841 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо биз ойлогондой болбойт экен. Ар убак алдыбыздан эки ача жолдор чыгат. Кимдир бирөөнүн кеңешине муктаж болобуз. Тагдырларыбыз ар кандай. Азыркы учурда турмушка, үй-бүлөгө өтө жеңил көз караштагы жаштарыбыз көбөйдү. Канча очок бузулууда? Канчасы чыдамдуулук менен үй-бүлөлүк зомбулукту жонуна көтөрүп келүүдө? Биздин суроолорубуз­га психолог, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти Бермет Наралиева жооп берет.

-- Аялзатына бүгүнкү күндө турмуш жүгүн көтөрүп кетүү оор болуп жатабы же жашоого жеңил карагандар көбөйдүбү?

-- Турмушка чыккандан кийин эле аялзаты өзүн жоготуп койбош керек. Ошол кыздар турмушка чыкканга чейин психологиялык даярдыктан өткөн болсо, психологиялык сабатсыздыгы жоюлган болсо, үй-бүлө курууга даярдык болуп, мындай маселелерге көп кабылбайт эле. Күйөөгө кандай мамиле кылуу керек? Өзүн кандай алып жүрсө болот? Бир илим менен айтканда, “адам күн сайын кантип адам болуу керек?” деген суроого инсандын актуалдуулугу деген термин менен жооп берсек болот. Үч багыт камсыздалса, ошол адам актуалдуу болот. Биздин тил менен айтканда, кызыктуу, учур талабына жооп бере турган адам болот. Биринчиден, өзүн өзү баалай билүү керек. Экинчиден, өзүн көрсөтө билүү, үчүнчүдөн, өзүн өнүктүрүү керек.

Күйөөгө тийгенден кийин күйөөсүн жакшы көрсүн. Ошону менен катар өзүн дагы баалап, өзүн көрсөтө билүү шарт. Ата-бабалар бекеринен “өзүн сыйлабаган өзгөнү сыйлап жарытпайт” деген накыл сөзүн айткан эместир.  

Ушул шартта эркек башка бирөөгө көңүлүн бурбайт. Мейли билим алууда болсун, үй оокатта болсун, бир маселени чечүүдөбү, же бала тарбиялоодо болсун, аял өзүнүн ичинде күч-кубаты, кайраты, дарамети бар экенин көрсөтө билиши зарыл. Кыз турмушка чыккандан тартып эле болгон максаттарынан, мүмкүнчүлүктөрүнөн баш тарта баштайт. Беш жыл окуган дипломдуу билими бар кыз болсо, карьерасынан баш тартышат. Өздөрүнүн баардык максаттарын экинчи планга коюп коюшат. Аялзаты билимдүү болсо, таланты, өнөрү болсо, ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуш керек. Алган билимди элге арноо шарт. Айланага жарык чачуу парз. Колуңуздан бир нерсе келсе, ошончолук кыймыл аракеттин баары сиздин тегерегиңизде айланат. Балдарыңыз, жолдошуңуз үчүн баалуу болуп, көңүл борборунда болосуз.

Аялдарга бул жашоодо өтө көп сыноолорду берген. Көп критерийлерге, талаптарга жооп бериш керек экен. Аларга коюлган талаптар өтө жооптуу, өтө чоң болот тура. Ушунун баарын көтөрө билген, туруштук бере билген күчтүү болушубуз керек.

“Бул дүйнөнүн түркүгү аялзаты” деген сөз жөн жерден айтылган эмес. Бул дүйнө аялзатынын кечиримдүүлүгүнөн, сабырдуулугунан турат. Жашоодо өйдө-төмөн нерселерди кечирип, анын баарына сабырдуулук, чыдамдуулук менен карасаң, акылың тетик болсо, өзүңдү бааласаң, өзүңдү тынбай өнүктүрсөң, анда турмуштун ачкычы өзүңдүн колуңда. Бекеринен “аялзатынын бактысы өз колунда” деп айтылган эмес. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер