Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМдин беш полковниги генералдык чин-даражаларды алышат. Бирок төртөө татыксыз!

ИИМдин беш полковниги генералдык чин-даражаларды алышат. Бирок төртөө татыксыз!

14-июль, 15:20
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

31-август эгемендүүлүккө карата ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго, орун басары Сүйүнбек Ниязбековго, Жалал-Абад ОИИБ башчысы Ашым Тагаевге, Баткен ОИИБ жетекчиси Мурат Бороновго жана Ош ОИИБ начальниги Жеңиш Абидовго генерал-майор чин-даражалары берилерин эшиттик. Эмесе, учкай да болсо кыраатына келтире талдап берели.

Адылбек Бийбосунов ИИМ академиясында иштеп, мугалимдик кесипти аркалап, милициянын чыныгы түйшүгүн тарткан эмес. Кылмышкер кармап көрбөптүр. Жылуу-жумшак кызматтарда жүрүп, эптеп карьера жасаган. Ушул кантип жарасын? Татыксыз!

Сүйүнбек Ниязбеков кесиби врач, бул системага адашып эле келип калган. Тездик менен көтөрүлдү, азыркы кызматын кыйратып деле иштей албай келет. Эмне жумуш кылып атканы коомчулукка белгисиз. Анан кайсы эмгеги менен чоң жылдызга жулкунат?

Ашым Тагаев убагында Илмияновдун колдоосу менен кызматтан кызматка секирген. Билими, тажрыйбасы төмөн! Бирок, “крыша” тапкан жагынан кыйын тура. Икрам чөксө, баткендик дагы бир жердеши Буркановдун этегине эрмешип, Жалал-Абадга орун которгон. Иши начар, жарабайт!

Мурат Боронов да бир кокуй, буга чейин эмне кылып отурду? Оор аймактан эмгегин, кызматын көрсөтө албай, чайналып калган. Убагында Төрөбай Зулпукаровдун артынан көтөрүлүп, жасалма түрдө жетекчи катары элдир-селдир жүрөт. Деңгээли талапка жооп бербейт!

Ал эми Жеңиш Абидов боюнча кеп башка. Каарманыбыз оперликтен ушул даражага чейин кызматтарды ырааттуу басып өттү. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында алгылыктуу иштеп, милициянын түйшүгүн кыйла тартты. Өз милдетин так аткарат. Чарбачыл. Чындыгында Жеңиш Абидов генерал-майор чин-даражасына татыктуу! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер