Улуттук адабиятта салттык төкмөлүк өнөрдүн изилдениши
(Башы өткөн санда)
Профессор К.Артыкбаевдин салттуу төкмөлүк өнөрдү изилдөө иштерине кошкон бараандуу салымдарынын бири – айтылуу Арстанбек акындын чыгармачылыгына болгон илимий мамилеси, анын «Тар заман» казалынын тегерегиндеги изилдөөсү болуп калды. Дегинкиси, Арстанбектин «Тар заманына» кеңири пландагы изилдөөлөрдү жүргүзүү анын көркөм чыгарма катары темасы менен идеясын, мазмуну менен формасын, композициясы менен проблематикасын текстологиялык, не адабий-лингвистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү мындай турсун, анын автору Арстанбек Буйлаш уулунун жалпы мурасы, алардын улуттук адабият менен маданияттын өнүгүшүндөгү ролу менен орду тууралуу жалпы жолунан иликтеген иштердин башталганына аз эле убакыт болду. Мындай объективдүү жагдайды эске алганда, К.Артыкбаевдин сөз болуп жаткан изилдөөсүнүн мааниси менен нарк-насили ого бетер жогорулагандан-жогорулап отурат, муну жашырыш кыйын.
«Тар замандын» текстиндеги айрым сөздөрдүн кандай мааниде колдонулуп жатканына айрым түшүндүрмөлөрүн берип, К.Артыкбаев, казал жаралган мезгилдин социалдык-саясый портретине мүнөздөмө берип салган, мунусу казалдын текстиндеги «дечү эле», «орус», «буйрук менен кондурган», «сарт», «жакшылар» сыяктуу терминдик түшүнүктөрдүн тегерегиндеги ойлорунан көрүнөт. Айрыкча «узун чөптүн баарысын оруп, кыска чөптүн баарысын коруп келе жаткан орустун (бул окумуштуунун трактовкасында Россиянын колонизатордук саясаты эле) ченчи кылып жерди алганын, бээден тууган керди алганын, карды салык байды, кача турган жайды алганын» Арстанбектин аң-сезиминде кандай кабыл алынып, кандай чагылдырылганы анализге алынат. «Орус элинин эмес, - деп жазат, окумуштуу, Россия падышачылыгынын колонизатордук саясатынын адегенде казак жергесинде үстөмдүккө ээ болгон мезгилинде ал жактагы абалдан кыргыздардын Арстанбек өңдүү алдыңкы өкүлдөрүнүн кабардар болгондугу да талашсыз чындык» (119-бет).
«Тар заманга» кылдат текстологиялык анализ жүргүзүү менен «жасоолдор келет шарактап, жардынын атын карактап, жасоолдор ылгабай минди айгырды, жакшылардын баарысы, мына ушундай болдук деп, жатып алып кайгырды» деген саптардан акындын заман абалын реалдуу сүрөттөп жатканы таспиеттелет. Ырас, «Тар заман» сыяктуу тематикадагы чыгармаларды жараткан авторлор (алар бир топ эле болчу) идеологиянын капшабына кабылып, жалпы журтка, окурмандардын калың катмарына таралуу укугунан ажыраганы белгилүү эмеспи. Алар не диний-мистикалык позициясы үчүн, не саясый-идеологиялык жаңылыштыгы менен цензуранын талаптарына ылайык келбей, укуктары чектелгени белгилүү, мында маселе ал жөнүндө деле эмес. К.Артыкбаев Арстанбектин кандай себептер менен ошого тушугуп отурганына өзүнүн реалдуу мамилесин билдире алганы жөнүндө болгону оң. Изилдөөчүнүн кабыл алганына, түшүндүрмөлөрүнө ылайык Арстанбектин бул казалында диний-мистикалык, шовинисттик позиция деле, чектелген түшүнүктөр деле жок эле. Тек гана элдин саясый-социалдык абалы начарлап, укуктары чектелип калганы (буга адабиятчы текстен конкрет мисалдарды келтирет) маселенин чоо-жайын чечип, төркүнүн тапканы иштин реалдуу абалына төп келерин айталы. Чынында эле «Тар заман» дал ушунусу менен баалуу да, барктуу да, ары таасирдүү, ары актуал, бир сөз менен түшүндүрө келгенде, нукура классикалык мурастардын тизмесинен орун табар алгылыктуулугу да ушунда эмес беле. Бул инсан боюнча изилдөөдөгү адабиятчынын корутунду бүтүмү ушул болду: «XIX кылымдын орто чегиндеги кыргыз элинин коомдук турмушунун ар тараптан тарып, колонизатордук режимдин алкагында калып, улуттук-боштондуктан ажыраган мезгилдеги көрүнүшүн Арстанбек «Тар заман» деп эң таамай аныктаган. Адабиятта чын сөз эч качан өлгөн эмес. Чындыкты туура чагылдырган Арстанбек өңдүү акындар да убактылуу тумчуктурулуп келгендигине карабастан, өлбөс болуп эл оозунда кала бермек» (124-б.).
Демек, эл ырчылардын адабий мурастарын изилдөө иштерине кошкон бараандуу салымы үчүн профессор К.Артыкбаевдин эмгектерин өзүнүн нукура нарк-насилин төмөндөтпөй баалап алуу жагы калды, бул – маселенин экинчи жагы.
Айтыш өнөрү илгертен муундан-муунга эстафета иретинде берилип, чыгармачылыктын соолбос үлгүсү катары кастарланып келе жаткан салттуу өнөрдүн (жөрөлгөлөрдүн) бири. Чыгармачылык өнөр катары айтыш ушул бүгүн да өзүнүн профессионалдык бийик деңгээлин орнотуп, улам жаңы форма, мазмун жаратып, келечекте да жаңы бийиктиктерди аларына шек туудурбайт.
Бирок, адабият менен искусстводогу өзүнчө көркөм кубулуш катары акындык өнөр (айтыш өнөрү, салттуу төкмөлүк өнөр) өзүнүн чыныгы профессионалдык апогейине жеткен учурун алда качан жашап, жылдызы жанган мезгили артта, он тогузунчу менен жыйырманчы кылымдардын тогошкон мезгилинде калды көрүнөт. Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда, «эми ошондой өнөрдүн өкүлдөрүн тарых кайра жаратпайт окшойт».
Айтыш өнөрүнүн табияты чыгармачылык менен ички психологизмдин ширелүүсүнөн жаралган сейрек кездеше турган өнөр. Мында төкмөлүк (импровизация) биринчи планга чыгат. Бирок, акындардын баары эле төкмө болушкан эмес. Бул маанилүү маселеге биз кийин, өзүнчө изилдөөдө токтолобуз.
Акындар поэзиясынын өзүнчө бир бутагы катары айтыш өнөрү кыргыз адабият таануу илиминде кыйла жылдардан бери изилденип келет. Филология илимдеринин доктору, профессор К.Артыкбаев адабияттын тарыхын изилдеп жүргөн адис катары акындар чыгармачылыгына, андагы төкмөлүк өнөргө да саресеп салып жүрөт. Анын 1991-жылы «Адабият» басмасынан жарык көргөн «Акыйкат сабагы» аттуу адабий изилдөөлөрүнүн топтомунда акындык өнөргө байланышкан үч портреттик ири тема бар экенин жогоруда айткан элек. Алардын бири эл ырчысы Калыктын чыгармачылык концепциясынын эволюциясы тууралуу жазылган «Устаттыктын улуу бийиктиги» деген изилдөө экенин да, Арстанбектин «Тар заманы» жөнүндөгү изилдөөсү да, дагы бирөө «Төкмөлүктөн профессионал поэзияга чейин» деп аталган изилдөө экенин да айттык эле, мында эл акындарынын бир өкүлү Абдрашит Бердибаевдин чыгармачылыгына арналган ири изилдөө экендиги белгилүү. Изилдөөдө А.Бердибаевдин акын катары калыптанышына негиз, шарт түзгөн бир катар өбөлгөлөр жөнүндө маалымат берилет.
Биринчиси, Абдрашит атактуу акын Калыктын шакирти Сарыкунан менен жолуккан соң ага чыгармачылык канат бүттү, шыгына шык кошулуп, таланты өркүндөй баштады. Бул отузунчу жылдардын башы эле. Кыркынчы жылдарда Абдрашит белгилүү төкмө Осмонкул менен жолугушат. К.Артыкбаев мында бул эки акындын айтышына (жолугушуу, учурашуу айтышына) кеңири токтолуп, анын акындык өнөрдү өздөштүрүүсүндөгү экинчи этаптын башталганын белгилейт.
Экинчиси, Абдрашит Бердибаевдин чыгармачылыгынын музыка өнөрү менен байланышы жөнүндө далилдүү, ары кызыктуу ойлор айтылат. Мында акындын аткаруучулук мүмкүнчүлүгү толугу менен ачылат.
Үчүнчүсү, акындын ырларына белгилүү композиторлор А.Малдыбаев, М.Абдраев, Ж.Шералиев, Б.Эгинчиевдин музыка жазып, чыгармачылык тыгыз байланышта болушкандыгы, ал байланыш кыргыз искусствосунун өсүп-өнүгүнүшүнө өбөлгө түзгөнү жөнүндө айтылат.
Жөнөкөйдөн татаалга өрчүп отурган ар кандай нерсенин эволюциясын көрсөткөндөй, сөз болуп жаткан макала А.Бердибаевдин чыгармачылык өсүү эволюциясын айныбай келептеп берген. Мында оозеки поэзиянын кыртышынан өнүп чыккан акындын талант-дарамети, поэтикалык чеберчиликтин жогорку профессионалдык деңгээлине жеткен эволюциялык жолу берилет. Дегинкиси, К.Артыкбаевдин сөз болуп жаткан макаласында мындан бөлөк да толуп жаткан баалуу ойлор бар, алар жөнүндө кийинки, өзүнчө изилдөөлөрдө сөз кыларбыз.
Жогоруда бир нече ирет профессор К.Артыкбаев эл ырчыларынын чыгармачылыгы боюнча портреттик изилдөөлөрдүн мыкты иштегенин белгиледик эле, мындай ойдон эми деле баш тартпайбыз. Бирок, бул изилдөөчү-окумуштуу акындык поэзияны методологиялык жактан изилдөөдө ал адабий портреттер менен эле чектелген эмес. Асыресе, анын акындык поэзияны изилдөө иштерине кошкон дагы бир (балким, эң негизги) салымы катары окуу куралдары менен окуу китептери жөнүңдө сөз болгону оң.
Белгилүү эмеспи, жалпы кыргыз адабиятын окуп-үйрөнүү процессинде материалдар негизги үч баскычта каралып, алардын ар бири өзүнчө көркөм процесс катары этаптарга бөлүштүрүлүп, системалуу түрдө үйрөнүлөт. Логикага сыярлык мындай көрүнүш мектепте да, орто билим берүүчү атайы адистештирилген окуу жайларында да, жогорку окуу жайларында да бирдей принципте ишке ашырылат. Системалуу үйрөнүлүп жаткан ал баскычта: фольклор, эл акындарынын чыгармачылыгы жана бүгүнкү күндөгү жазма профессионал адабияттын өкүлдөрүнүн адабий мурастары.
Эгерде үйрөнүү процессинде фольклор менен профессионал жазма адабият канчалык маанилүү орунга коюлса, акындар чыгармачылыгы да ошондой эле милдет өтөп, ошондой эле маанилүү орунга коюлат. Ушул позициядан чыгып, акындар чыгармачылыгын илимий жактан кылдат үйрөнүүгө үлкөн милдет тагышып, ал боюнча мына кыйла жылдардан бери окуу китептерин жазуу иши жакшы жолго коюлуп келет. Мунун айкын далили катары профессор К.Артыкбаевдин автордук жана уюштуруучулук талыкпас эмгегинин аркасында жазылган жана басмадан чыгарылган «Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы» аттуу үч бөлүктөн турган окуу куралын атап туралы. Алардын биринчи бөлүгү 1988-жылы, экинчи менен үчүнчү бөлүктөрү 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин басмаканасынан жарык көргөн эле.
Окуу куралдарынын аннотациясы айтып тургандай, аларда кыргыздын бир катар акындарынын чыгармачылыгы боюнча жазылган портреттик бөлүмдөр, макалалар киргизилип, ал акындардын ар биринин чыгармачылык жеке өзгөчөлүгүнө байланышкан жаңы маалыматтар берилген. Сөз болуп жаткан окуу куралдарынын буга окшогон бөлөк эмгектерден айырмаланган биринчи касиети ушул. Экинчи жагынан, ал окуу куралдарындагы тигил же бул проблемага (темага) арналган портреттик же обзордук бөлүмдөр (макалалар) обу жок чубалжыбай, так жана кыска берилгендигинде. Үчүнчү жагынан, ал окуу куралдарынын өзгөчөлөнгөн касиети жупкадай гана болгон чакандыгына карабай, ал китепчелер окурмандардын кеңири чөйрөсүнө даректелген. Тагыраак айтканда, алар студент менен аспирантка, окуучу менен мугалимге, жогорку окуу жайынын окутуучусу менен жалпы филолог адистерине арналган. Сөз болуп жаткан окуу куралдарынын портреттик бөлүмдөрүн же айрым чакан параграфтарын профессор К.Артыкбаев, профессор Л.Үкүбаева, профессор А.Абдразаков, доцент К.Байжигитов, доцент С.Искендерова, ага илимий кызматкер К.Кырбашев сыяктуу адабий чөйрөгө эчак таанымал болуп калышкан окумуштуулар жазышкан.
Дегинкиси, бул жерде мындай окуулуктарды даярдоо иштериндеги автордук жана уюштуруучулук аракеттеринде тыным билбеген окумуштуу К.Артыкбаевдин кыргыз адабиятынын тарыхында өзгөчө мааниге ээ болгон акындык поэзияны, анын ичинде салтуу төкмөлүк өнөрдү изилдөө иштерине кошкон салымы жөнүндө сөз болду. Профессор К.Артыкбаев «XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы» деген аталыштагы окуу китебинде акындык поэзияга айрыкча токтолуп, бир топ алгылыктуу бүтүмдөрүн жасаган. Булар тууралуу ушул гезиттин беттеринде кенен макала жарыяланган. Ошентип, профессор К.Артыкбаев улуттук адабияттагы салттуу төкмөлүк өнөрдүн ички табиятын кылдат изилдеген окумуштуулардын иралды өкүлү болуп калды. Ырас, К.Артыкбаевдин эмгектерине карата учурда кыргыз адабият таануусу, адабий сыны системалуу изилдөө иштерин жүргүзүү милдетин алып, филолог-бүтүрүүчүлөргө квалификациялык иштерди, магистранттар менен аспиранттарга диссертацияларды жаздыруу машакатын жандандыруу зарылдыгы бар... Анын буга чейин басмада сөз болгон эмгектеринен башкалары тууралуу быйыл анын токсон жылдык мааракесинин урматына уюштурула турган илимий-практикалык конференция, “тегерек үстөл”, семинар-тренингдерде дагы кенен сөз болорун тилеп туралы. Агайыбыздын калтырган эмгектери эли үчүн мындан ары да кызмат кыла берсин ылайым...