Акыркы кабарлар
» Коом » Чикагодо 500гө жакын кыргызстандык програмисттер бар
Чикагодо 500гө жакын кыргызстандык програмисттер бар
11-февраль, 18:43
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кечээ күнү АКШнын Чикаго шаарында кыргызстандыктар IT форум өткөрдү. “Ушу тапта бир эле Чикаго шаарында 500гө жакын кыргызстандык программисттер бар. Бирок биздин максат – кыргызстандыктардын ITдеги санын мындан дагы артырып жана жаңы деңгээлге чыгуу” деп айтып берди форумдун уюштуруучуларынын бири, Muras Club кош-негиздөөчүсү, Cybertek компаниясынын жетекчиси Эсен Ниязов. Айтмакчы, Эсен жакынкы айларда Кыргызстанга толугу менен кайтып келип, жаштарды, айрыкча аймактык жаштарды ITге тартуу боюнча иш алып баруу туурасында чечимин Capital сайты менен бөлүшкөн.
Aryba.kg