Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Элибиз саясый кулчулуктан арыла албай, ар кандай саясый фокустарга алданып калууда”

Турат Акимов: “Элибиз саясый кулчулуктан арыла албай, ар кандай саясый фокустарга алданып калууда”

04-апрель, 09:00
683 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соцтармактардагы эки президенттин айтышы кызуу талкууга алынууда. Сизде кандай пикирлер жаралды?

-- Экөөнүн айтышканы жакшы болду. Сайсый тирештин купуя сырлары кичине-кичине ачыла баштады. Экөөнүн ортосундагы саясаттагы мамилелери кандай куралганы, кандай аныкталганы, кандай чечилери күмөн. Анткени экөөнүн айтышы бүткөн жок, токтоп калды. Уландысы болоруна ишенбейм, себеби бүгүнкү бийлик сырларын ачканга кызыкдар эмес. 

-- Атамбаевдин жазаланып жатканын туура эле кабыл аласызбы?

-- Мен сот эмесмин, анын ишин тыкыр билбейм, ошондуктан кесе айтуу кыйын. Саясый аналитик катары мага бул жерде мыйзамдын логикасы барбы же жокпу – ошонусу кызык.

Экөө тең мурда камалган. Садыр Жапаров Атамбаевдин убагында камалды, Сооронбай Жээнбековдун маалында Атамбаев камалды. Кийин 2020-жылдын 5-октябрында түнкү тополоңдун негизинде бирдей бошонуп кетишти. 

Суроо: эмнеге бирөөсү кайта камалды, а экинчиси такка отурду? Эгерде мыйзам талаасы бирдей иштесе, Кыргызстанда ар бир адамдын укугу тең болсо, анда экөө тең бирдей же камалышы керек, же эркиндикке тең чыгышы керек. Бирөөсү дагы соттон акталып, же мөөнөттөрү бүтүп чыккан эмес. Экөө тең тополоңдо бошонуп кетишкен.

Лөктөрдүн мыйзам сыйлабастыгынан, элдин караңгылыгынан бизде юридикалык казустар өтө көп. Ошондон улам 30 жылдан бери 3-4 тополоңдон кийин деле мамлекетибиз оңолбой, элибиз саясый кулчулуктан арыла албай, ар кандай саясый фокустарга алданып жүрөт. 

5-октябрда бири мыйзамдуу бошонуп, экинчиси мыйзамдуу чыкпай калдыбы? Логика элде да, мамлекетте да жок, соттор болсо коррупцияланган – бирин актап, экинчисин камап, ашмалтай кылып атышат. Бирок кийин өтө кызык болот... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер