“Чүмкөнүп жүрөт” деп үй-бүлөм сенден баш тартты
--Парктан жолугушалы. Апам чайын дайындап отурат. Келип таанышып, сүйлөшүп отуруп кетпейсиңби? Киного барып келбейлиби? Бул сунуштарымдын баарын четке кагасың. Мага болбойт. Көчөгө чыгууга болбойт. Туулган күнгө барууга болбойт. Майрамдоого болбойт. Ушундай шылтоолоруң менен менин ар убак шагым сындырасың. Дайыма эле үйдө жалгыз отурасың. Айжан сени биринчи жолуктурганда эле жактырып калдым. Айдай сулуулугуң, назик мүнөзүң, турмушка болгон көз карашың баары менин купулума толгон. Болочок жубайым таптым. Издеген сүйүүмдү таптым деп жаным жай ала түшкөн. Бирок сен шаардык кыздардан айырмаланып, хиджап кийип, оронуп, жоолук салынганың башында жакканы менен кийин мени чочута баштады. Экөөбүз тең жакшы жогорку окуу жайлардын студентибиз. Турмуш курчу курака деле келип калдык. Бир күнү экөөбүз баш кошуп, чоң той өткөрөрүбүздү кубанычтуу кабарласам, анда кабагыңды чытыдың. “Мен турмушка чыкканда той өткөрүүгө болбойт. Мен кичине кезимден атам менен апам көп чатакташар эле. Иним экөөбүз экөөнүн урушу башталганда кирерге жер таппай калчубуз. Ошентип жүрүп экөө ажырашып кетти. Апама абдан оор болду. Күндөп түндөп ыйлап, бүк түшүп жатып калды. Өзүн алаксытуу үчүн анан Кудай жолуна түштү. Беш маал намаз окуй баштады. Кийин гана иним экөөбүздүн бул жолду тандашыбыз керек экенин түшүндүрдү. Мен корком. Оо дүйнөгө баргандагы баарыбыздын башыбызга түшчү сурактан корком. Менин болочок күйөөм дагы мен тандаган жол, шарт менен жашаганда гана турмушка чыгууга макулмун” дедиң. Бул шартың мени ойго салды. “Кудай жолуна түштүм” деп эле эч ким менен аралашпай, эч жака барбай, баарын унутуу керекпи? Анда бул тирүүлүктүн, жашоонун маңызы эмнеде? Мен жактырган кыздын шартын айтканда ата-энем да каршылыгын билдирди. “Өмүр бою ушул жалгыз уулумдун тоюн өткөрөйүн деген таттуу тилек менен жашап келем. Биз кыргызбыз да, үйгө тууган-туушкандарыбыз кирет. Той топур болот. Жалгыз уулумдун эч ким менен аралашпай чүмкөнүп жашап калышына каршымын” деп апам акыркы пикирин айтты. Биз бири-бирибизди канчалык жактырып, сүйүү азабын тартканыбыз менен ортобузду тоскон дубалды, тосмону кулаталбай акыры эки башка жолго түшүүгө аргасыз болдук.
Аскат Суранов
Aryba.kg