Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Өспүрүм кызды зордуктаган төрт баланын экөө СИЗОдон жандарын кыйышты...”

-- Ырысбек Ысламович, бүгүнкү кеңешмеде Кадамжайдагы жашы жетпеген кызды зордуктоо фактысы боюнча сот процесси жай жүргөнүнөн улам ата-энеси даттанып жатканы айтылды. Анын себеби эмнеде?
-- Жаш өспүрүмдү зордуктоо боюнча төрт бала кармалган. Шектүүлөрдүн экөө Оштогу СИЗОдо өз жандарын өзү кыйып, азыр эки баланын үстүнөн сот иштери жүрүп жатат. Ал эми сот процесси созулганынын себеби, ал өз нугу менен жүрүп жатат. Кыздын ата-энеси “сот процесси эртерээк бүтсө жакшы болот эле. Биз Россияга кайра кетип, иштейт элек. Сот создукканынан улам канча убакыттан бери Кадамжайда жүрөбүз” дешип бизге да кайрылып, телефон чалып жатышат. Бул иш 17-февралда каралат экен. Эми сот бул ишке чекит коюп, адилеттүү чечим кабыл алат деп ойлойм.
-- Шектүүлөрдүн экөө кандай жагдайда өз жандарын кыйышкандарын биле алган жоксузбу?
-- Менде ал боюнча маалымат жок. “Өздөрүн өздөрү асып алды” деген гана маалымат бар. “СИЗОдо өздөрүнүн мыйзамы бар” деп айтышат. Мүмкүн сот өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарарын ойлоп, ошондой кадамга барышкандыр...
"Азия Ньюс" гезити