Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Алиев: “Депутат болуп шайланып келгенден кийин ал өз милдетин аткарыш керек”

Медербек Алиев: “Депутат болуп шайланып келгенден кийин ал өз милдетин аткарыш керек”

19-ноябрь, 12:00
1 865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Медербек мырза, төрага Нурланбек Шакиев мындан ары жумушка келбеген депутаттарга карата чечкиндүү чаралар көрүлөрүн айтты. Бул чара канчалык актуалдуу?

-- Өзү бул мыйзамда бар. Жогорку Кеңеш эгемендик алгандан бери канча жашаса, ошондон бери ушундай мыйзам бар. Эгерде депутат жүйөсүз себептер менен жумушка келбесе, анда анын айлыгы кыскартылат. А жаңы Конституция боюнча эгерде депутат бир сессияда 10 жолу жүйөсүз себеп менен жумушка келбесе, аны чакыртып алууга негиз бар. Мен ойлойм, депутат болуп шайланып, элдин жүгүн көтөрөбүз деп келгенден кийин кадимкидей жумушка келип, өз милдетин аткарыш керек.

-- Аны ким көзөмөлдөйт?

-- Регламент боюнча комитет. Кайсы депутат комитетте жок болсо, ал комитеттердин төрагалары келбегендердин тизмесин регламент боюнча комитетке берет. Жалпы жыйындар учурунда кайсы депутат каттоодон өтпөй калган болсо, анын тизмеси да топтолуп, комитетке жиберилет. Анан комитет аларга “эмне үчүн катышпадыңыз? Тастыктоочу документ бериңиз” деген мааниде кат жиберет. “Ооруп калдым” же “куран окутууга бардым” деп, же башка жүйөлүү себебин айтыш керек. Анан комитет себеп жүйөлүү же жүйөлүү эмес экенин карайт. Эгер жөн эле келбей калган болсо, анда “жүйөсүз” деп таап, анын негизинде мыйзамда каралган чаралар көрүлөт.

-- Бирок, кээ бир депутаттар “жөн эле залда отура бергендин ордуна шайлоочуларым менен жолугуп, же алардын тапшырмасына байланыштуу башка жумуштарды аткарганым жакшы эмеспи” деген жүйөнү айтып жатышат. Буга кандай карайсыз?

-- Ар кайсы депутат өзүнүн ички туюмуна, акыл-эсине, дараметине ылайык иш алып барат да. Ар бир депутат өзү үчүн жооп берет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер