Мэр Айбек Жунушалиев дайыма бийликти жаман көрсөтүп келет
Бишкектин асфальтталган көчөлөрүнүн жээгиндеги машина токтоочу жайлар жабылып калууда. Муну кандайча түшүнсө болот? Элге шарт түзүш керек да. Унаа токтоочу атайын орундар курулбаса, жол жээкке токтотсо жүктөп кетишсе, карама-каршылык жаралып атпайбы! Бул көйгөйдү тез арада чечүү зарыл. Ансыз да шаарда машина батпай калган чакта, парковкаларды жоюп салуу акылга сыйбаган иш. Же чет өлкөдөгүдөй кабат-кабат унаа токтотуучу жайларды салбайсыңарбы? Тилекке каршы, акыркы кезде баары башаламандыкта кетүүдө. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “артык кылам деп тыртык кылганын” дайыма байкап келебиз. Эл нааразы. Жыйынтыгында, бул эргул жумушун билбегени менен сын-пикирге алынып келет. Көпчүлүк бийликке карата терс сөздөрдү айтууда. Ток этери, көп кабаттуу парковкалар курулганча мурдагыларды калтырып туруу шарт эле. Маселе курч бойдон турат. Качанкыга чейин Айбек Жунушалиев “кашаңдыгын” көрсөтүп, Акүйдүн рейтингин түшүрүп, төбөлдөрдү жаман көрсөтө берет?
"Азия Ньюс" гезити