Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиевге кошомат кылбаган шайлоочулар добуш беришеби?

Генерал Суваналиевге кошомат кылбаган шайлоочулар добуш беришеби?

19-май, 20:58
843 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Президент Ленин округунан чыккан талапкерлерди жыйнап, тийешелүү органдын башчылары менен бирдикте жолугушуу өткөрдү. Кандай болгону коомчулукка жарыяланды. Ал жагына баа бербей эле коёлу. Биздин токтоло турган жагдай, ошол жыйынга талапкер Өмүрбек Суваналиевдин барбай койгону, айрым атаандаш жагымпоздордон жогору турганы көңүл бурдурду. Оппозициялык маанайда каарманыбыз өзгөчө баага татып, саясатчылардын чөйрөсүндө талкуу жаратты. Протесттик электорат, кошомат кылбаган сынчыл шайлоочулар “Комиссар Каттаниге” оой баштаганын айтышууда. Себеби, ал буга чейин да каршылык көрсөтүп, бийликти “такалап” келген. Дээрлик талапкерлер учурда өздөрүн тааныштырышып, добуш топтоо жандалбасында жүрүшсө, генерал Суваналиев кыйладан бери эле ой-пикирин ачык айтып, төбөлдөргө жол көрсөтүп, керектүү жерден сындап, айтор, табиятынан күрөшчүл экенин көрсөтүп келатат. Кайсы бийлик болбосун, өзүнүн пикиринен кайтпай, бекем позициясынан тайбай, адилеттүү мүнөз күткөнү белгилүү. Отуз жылдан бери чоң саясатта жүргөн Өмүрбек Суваналиевди элибиз жакшы билет эмеспи. Эчен ашууларды ашкан. Бул саам да өзүн татыктуу көрсөтөрү, топ жарары айкынбы? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер