Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Биздин “Бүтүн Кыргызстанга” бут тосуулар жасалса эл ишенет”

Исхак Масалиев: “Биздин “Бүтүн Кыргызстанга” бут тосуулар жасалса эл ишенет”

29-август, 21:54
850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- БШКнын “Кыргызстан” партиясына байланышкан чечимин кандай баалап жатасыз?

-- БШКнын “Кыргызстан” боюнча чыгарган чечими бир караганда принципиалдуу   көрүнүп жатат. Бирок, бул мени ойлонтуп койду. БШК партияны ишенимдүү өкүлү эмес, башка адам келип документ тапшырганы үчүн шайлоодон четтетти. Чындыгында, алар документти тапшырууда кечигишкен. Анда чогулгандар да ушуну талап кылышкан болчу. Бирок, борбордук шайлоо комиссиясы кечигүүнү эске алган жок. Муну менен алар “Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк калтырып койгондой. Эгер “Кыргызстан” кечиккени үчүн четтетилген болсо, сот муну карамак эмес. “Ишенимдүү адамы ооруп калды” деген тыянак партиянын соттон утуп, кайрадан шайлоого катышуусу толук мүмкүн (!) дегенди билдирет. 

-- Буга чейинки шайлоодо ушундай көрүнүштөр болду беле? Документтер эмнеге кечиктирилип тапшырылды деп ойлойсуз?  

-- Жок, мындай көрүнүш биринчи ирет болуп жатат. Мында шалаакылык орун алды, документтер толук болбосо деле БШК белгилеген күнгө чейин өткөрүп коё бериш керек эле. Менимче, партия ич ара тизмедеги орунду бөлүшө албай чырдашып жүрө бергенден улам, ушундай окуя болуп кетти. 

-- “Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү кырдаалга БШКны күнөөлүү кылышты...

-- Албетте, БШКны айыптайт, “өзүбүз күнөөлүүбүз” дебейт да. Бирок, түшүнгөн киши кемчилик партиянын жетекчилигинен кеткенин көрүп турат. “Кыргызстан” бийликтин партиясы болгондуктан, Нуржан Шайлдабекова ага бут тосо алмак эмес. Эгерде ушундай инцидент “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен болсо, анда “өткөрбөө аракеттери болуп жатат” деп айтсак туура болмок. Бизге карай бут тосууларга эл ишенет. Пикиримде, алар орун талашуу менен алектенип, документ тапшырууга такыр эле жетишпей калышканда, БШКнын имаратына жакын жашаган бирөөдөн “өттү” кылып каттатып коюуну суранышкан. Ал эми чын эле документтерди бериштиби, жокпу, эч ким билбейт.

-- Сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн?

-- Азыр сот системасы менен бийлик чоң сыноонун алдында турат. Эгерде сот БШКнын чечимин күчүндө калтырса, элде “өзгөрүүгө жылыш бар экен” деген сезим  калат. А эгер “Кыргызстандын” шайлоого катышуусуна жол ачса, мен үчүн жаран катары сотторго болгон акыркы үмүттөр жоголот. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер