Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Президент үчүн өкүнүчтүү...”
-- Жанар мырза, оппозиция азыр барбы, болуш керекпи?
-- Оппозиция болбосо, эртең мен бийликке келсем да менин көзүмдү май басат. Анткени сындап турган, бийликтин кемчилигин айтып турган, сунушун берип турган киши жок, анан “аа, баары жакшы турбайбы” деп калабыз. Бир нерсени айтып кетейин, азыркы бийлик эч бир коркунуч жаратпаган укук коргоочуларды, айрым жаш активисттердин артынан аңдытып, күч органдарын салып аткандарына таптакыр түшүнбөй турам. Азыр оппозиция акырындык менен түзүлө баштады. Бирок, мен кайрадан өлкөдө олку-солку болуп, будуң-чаң салынып, ызы-чуу болушунан көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле тажадым. Анткен менен конструктивдүү оппозиция бизге ар дайым керек, ансыз болбойт.
-- Азыркы бийликтин кемчиликтерин байкай алдыңбы?
-- Баарын айтып отурбайын сизге, Конституция боюнча бир мисал келтирейин. Караңыз, бул жакта депутаттар менен сүйлөшсөк, Садыр Жапаровдун мөөнөтү 2032-жылы бүтө турган кылып атышат. Ушул Жогорку Кеңеш алты премьер-министрди алмаштырдык. Үчүнчү президент менен иштешип атабыз. 2016-жылы декабрда демилгечи топ чыгып Башмыйзамды өзгөртүппүз. Так эле ушул депутаттар “өкмөттү күчөтүш керек, өкмөткө ыйгарым укукту бериш керек. Президенттин укугун азайтабыз” деп колдоп беришиптир. Эми ушул эле депутаттар “президенттик башкаруу керек экен. Садыр Нургожоевич туура айтат” деп, ушулар демилгечи болуп кайра чыгып атышат. Бул маселеде президент мырза аң-сезимдүү, акыл-эстүү, анча-мынча сын айткан коомчулукту азыраак угуп, ушулардын жетегинде көбүрөөк калганы аябай өкүнүчтүү...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити