Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жол кырсыгынан жаракат алып, кайрылгандардын саны өстү

Жол кырсыгынан жаракат алып, кайрылгандардын саны өстү

23-май, 17:05
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Травматолог-ортопед, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Таалайбек Кулуев ортопедиялык оорулардан жабыркагандар көбөйгөнүн айтты. 

Акыркы учурларда өндүрүштөн, жол кырсыктарынан жаракат алгандар көбөйүп, майып болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Таалайбек Кулуев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала төрөлгөндө эле ортопедиялык изилдөө жасап, жаштайынан көзөмөлдөө керек.

"Республикада автомобилдердин саны кескин өсүп жатат. Ага байланыштуу жол кырсыктары да арбыды. Үй тиричилик жаракаттарынан баштап өндүрүштүк, транспорттук кырсыктан жабыркагандар көп кайрылып жатат. Жадагалса кээ бирлери майыптуулук да алууда. Азыр кырсыктарды алдын алуу боюнча иштерге көбүрөөк көңүл буруу керек. Мындан тышкары, ортопедиялык оорулар да көбөйдү. Жамбаштын тубаса чыгып кетиши, май тамандуулук, сөөктөрдүн туура эмес өрчүшү сыяктуу учурлар болбошу үчүн ата-энелер убагында текшертип, байкоо салып турушу абзел", - деди Кулуев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер